Ма́йли Рэй Са́йрус (англ. Miley Ray Cyrus; төрөлгөндөгү ысымы — Де́стини Хо́уп Са́йрус (англ. Destiny Hope Cyrus); 23 ноября 1992, Калып:Торолгон жери, Теннесси, США) — америкалык актриса жана Ырчы. Кантри-ырчы Билли Рэй Сайрустун жана Летиция Джин Сайрустун кызы.

Майли Сайрус
Дестини Хоуп Сайрус
Портрет
Төрөлгөндөгү аты:

Дестини Хоуп Сайрус

Ишмердүүлүк тармагы:

ырчы, актриса

Туулган датасы:

1992-жыл,23-ноябрь

Туулган жери:

АКШ,Нашвилл шаары, Теннеси штаты

Жарандыгы:

Америка Кошмо Штаттары

Атасы:

Билли Рэй Сайрус

Апасы:

Тиш Сайрус

Сыйлыктары:

Американын MTV телеканалынын версиясы боюнча «Эң популярдуу поп ырчы – 2013» аталган.

Биографиясы түзөтүү

Ырчы айым Билли Рэй жана Тиш Сайрустун үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Анын атасы Билли АКШда кантри стилиндеги ырчы катары таанымал. Алгач ырчыга ата-энеси Дестини деген ат коюшкан. Бирок аны кичинесинен эле Майли деп эркелетишчү, себеби бул аттын котормосу «шайыр» дегенди түшүндүрүп, кичинесинде ырчынын кыял-жоругун сүрөттөп турган. 

Майли Сайрустун балалыгы Франклин шаарындагы фермалардын биринде өткөн. Беш бир туугандын төртүнчүсү Майли абдан ыймандуу жана чиркөөгө бат-баттан баш багып турган кыз болгонун айтат.

Чыгармачылыгынын башаты түзөтүү

Майли 2001-жылы үй-бүлөсү менен Торонто шаарына көчүп келген. Анда анын атасы «Доктур» («Doс») аттуу сериалга тартылып жүргөн кези эле. Атасынын таасири менен Майли алгач «Чоң балык» («Крупная рыба») аттуу тасмага тартылат. Кийин «Ханна Монтана» аттуу сериалда жараткан негизги каарман Ханна аттуу ырчынын образы 14 жаштагы Майлини дүйнөлүк жылдызга айланткан. Ошондон тарта анын музыкага болгон кызыгуусу артып, ырчылык карьерасын баштайт. Көз күйдүргөн бойдок кыз учурда эч нерседен коркпогон бейбаш айымга айланды. Майли кайда барбасын элдин көңүл чордонунда болууга жетишет. Мисалга ырчынын Бритни Спирстин концертинде бейтааныш кыз менен өбүшкөнү, кашын ак түскө боёп алганы, олуттуу кечеде күтүүсүздөн стриптиз бийлеп кириши элди көңүл кош калтырган жок. Анын үстүнө Майлини легендарлуу Мадонна айым да колдойт деген сөздөр айтылып келет.

Жеке жашоосу түзөтүү

Майли көп жылдар бою «Акыркы ыр» («Последняя песня») аттуу тасмада чогуу тартылган актёр Лиам Хемсворт менен мамиле куруп келген. Жадагалса ал экөө үйлөнүү тууралуу 2012-жылы жар салып, бирок жыл айланбай ажырашканын кабарлашкан. Мындан башка ырчынын жеке жашоосу тууралуу көптөгөн миш-миштер бар, бирок аларды ырчы өзү ушак гана деп келет. 15 жашынан тартып жандаган жигитинен ажыраган ырчы коомдук жайларда чыр чыгарып, болушунча көптүн көңүлүн өзүнө буруу менен алек. Ага карабай Майлинин жакын достору аны шайыр, назик, туруктуу адам экенин айтуудан тажашпайт. Бирок атактуулуктун артынан кууп жүрүп, ырчы айым адам катары өзүн жоготууда деген пикирлерди айткандар да бар.

Кызыктуу фактылар түзөтүү

  • Денесине 18 даана сүрөт тарттырган.
  • 2006-жылы «Дайым алдыда» («На мили впереди») аттуу өзүнүн автобиографиялык китебин чыгарган.
  • 2013-жылы АКШдагы Maxim журналынын сурамжылоосу боюнча «Планетадагы эң сексуалдуу айым» деп табылган.
  • 2008-жылы официалдуу түрдө Дестини атын Майли кылып өзгөрткөн.

Шилтемелер түзөтүү

http://www.super.kg/article/show/26723