Майлуу-СууНоокен районундагы дарыя, Узундугу 87 км, алабынын аянты 748 км2. Бабашата кырка тоосунун батыш жана түндүк-батыш капталдарынан башталат. Башкы агымында Чон жана Кичи Керей сууларынын кошулушунан тузулуп, дениз денгээлинен 2875 м бийиктикте жайгашкан Кутманкол колуно куюп, колдон томон жагынан агып чыгып, Сере-Суу деп аталып батышты карай агат. Давансай суусу кошулгандан кийин Майлысуу деп аталып, капчыгайлар аркылуу өтүп, Майлуу-Суу шаарын жана Кызыл-Кыя, Избаскен кыштактарын аралап отуп, Караүңкүр суусу менен кошулуп Кара-Дарыяга куят. Ири куймалары: он - Даван-сай, Кыз-коргон, Когой-суу, Кайрагач, Бедре-сай, Сол - Чон-агач, Семендик, Сары-бээ.

Майлуу-Суу
Мүнөздөмө
Узундугу 87 км
бассейндин аянты 748 км²
Суу чыгымы 9.7 м³/с
Суу агымы
Башаты Чон-Керей
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Жалал-Абад облусу
Район Ноокен району

Суунун башталышында 4000 метрден ашуун бийикте жалпы аянты 3,2 км2ге жеткен 9 мөңгү бар.Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 9.7 м3/сек, эң көбү апрель – майда чыгымы 108 м3/сек, эн азы январь – февралда 6-7 м3/сек. Суусу апрелде кирип, сентябрьда тартыла баштайт. Алабында 4 көл бар. Кызыл-Кыя жана Избаскен кыштактарында жайгашкан плотина аркылуу каналдарына болунуп, сугатка кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2