Майлыбай Беке уулу (1865, Кочкор району, Кашат айылы — 1952, ошол эле жер) — куудул, комузчу.
Комузда кол ойнотуп, оштонтуп (шайырланып), куудулданып черткен айтым күүлөрдүн устаты болгон.
Токтогул, Кудайберген, Боккөтөн жана башка менен аш-тойлордо алым-сабакка түшкөн, алар менен комуз чертишкени калк арасында уланмалуу узун сабак, аңыз катары айтылган. Жердеши Самсаалы Алыке уулунун аткаруусунда «Майлыбайдын ботою», «Майлыбайдын саадак какты», «Майлыбайдын кербези», «Майлыбайдын шыңырамасы», «Майлыбайдын керээзи» деген залкар күүлөрү кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылган. Ыбырай, Шекербек, Чалагыз, Асылбектердин чертүүлөрүндө анын тамашалуу “Майлыбайдын шалкы күүсү” комуз күүлөрүнүн классикасына айланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.