Маймун
Маймун — топоним, «Манас» эпосунуннегизги варианттарында кыргыздарга чектеш жер жана андагы жашаган элдин аты. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Шоорук кан М-дуктардан деп берилет:
Дөбөт чөлү атанып,
Жакасы кум, тоосу таш,
Алайдын түштүк жагында,
Башы Даң-Дуң тоосунда,
Маймундуктун Шоорук кан
Жаткан экен ушунда (Сагымбай Орозбаков, 2. 200).
Географиялык реалияда Оогандын түндүк-батышындагы шаар. Жергиликтүү тилде аталышы Маймене. Ооганстандагы башка жерлер менен бирге 15-кылымдын 20-жылдарында Аксак Темирдин уулу Шахрух («Манас» эпосунда Шоорук) башкарып турган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4