Абылкасымова Майрамкан (7. 11. 1936-ж. туулган, Чүй облусу, Кемин району, Кызыл-Суу айылы) акын, Кыргыз эл акыны (1980), Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы (1970) жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1984) лауреаты. В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн (1958). 1962-ж. чейин Ош шаарындагы облустук «Ленин жолу» гезитинде жана Ош педагогика институтунда иштеген. «АлаТоо» журналында адабий кызматкер, «Поэзия» бөлүмүнүн башчысы (1960-91), «Аялзат» гезитинде Башкы редактор, Кыргызстан ЖСнун Ысык-Көл облусу боюнча адабий консультанты болгон. 1995-жылдан «Курманжан датка» фондунун төрагасынын кеңешчиси. Алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көргөн. 1961-ж. «Кичинекей досторго» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. «Чолпон» (1962), «Эстелик сүйлөйт», «Быйыл жаздын гүлдөрү көп» (1965) жыйнактарына салттуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар менен катар ритмикалык жаңы өлчөмдөгү, эркин ыр формасындагы чыгармалары киргизилген.

Майрамкан Абылкасымова.

«Ишеним дайым жүрөктө» (1968) жыйнагындагы лирикалык ырлардын көпчүлүгү турмушка, өмүргө, сүйүүгө, адамдардын ортосундагы мамилелерге арналган. Жаратылыш, Ата Журт акындын бүткүл чыгармачылыгындагы бүтпөс тема. Жалпы эле экология проблемасы «Гүлдөр суу сурайт» аттуу жыйнагында курч коюлган. Мында жазды сагынуу, күтүү, кумарлануу сезимдерине, табияттын пейзаждык боёкторуна арналган саптар арбын. Чыгармачылыгында улуттук поэзиянын салттуу уйкаштыктагы ырларына караганда ак ыр, эркин ыр формасында жазылган ырлар басымдуу. «Тандалган чыгармалары» «Ата журт» (1973) ыр жыйнагы чыккан. Анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган. «Атаке Баатыр» драмасы Кыргыз мамлекеттик академия драма театрында коюлган (2004). Абылкасымова кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн «Ардак Белгиси» (1986), III даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган (2005).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1