Макей Жоошбаев
Макей Жоошбаев — жазуучу, журналист.
Макей Жоошбаев | |
Жоошбай уулу Макей | |
Туулган датасы: |
29 -декабрь 1929 (95 жаш) |
---|---|
Туулган жери: | |
Ишмердүүлүгү: |
журналист, жазуучу |
Ал Токтогул районунун Торкен айылында 1929-жылдын 29-декабрында туулган.
1935-жылы Торкен жети жылдык мектебинде окуган. 1942-жылы өз каалоосу менен Экинчи дүйнөлүк согушка жөнөп, 1945-жылы жараат алгандан кийин төрөлгөн жерине кайткан.
1945–1949-жж. Токтогул райондук «Ленин осуяты» гезитинин жооптуу катчысы, кийин партиянын Токтогул райкомунун үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, 1949–1951-жж. бюронун жолдомосу менен Кыргызстан КП(б) БКнын алдындагы эки жылдык партиялык мектепке жиберилген. 1952–1964-жж. «Кызыл Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитинде Жалал-Абад, кийинчерээк Ош облустары боюнча өз кабарчы, бөлүм башчы, 1964–1968-жж. Кыргызстан Журналисттер союзунун жооптуу катчысы, 1968-1973-жж. Кыргыз радиосунда редактор, 1973–1985-жж. «Чалкан» журналынын фельетондор бөлүмүнүн башчысы, жооптуу катчы болуп иштеген.
«Чонтойдун жоруктары» аттуу юморлору Бүткүл союздук «Крокодил» журналына, Белорусиянын, Украинанын, Өзбекстандын, Казакстандын «Перец», «Вожык», «Муштум», «Чаян», «Аары» ж. б. сатиралык журналдарына, немистердин «Шпигель» аттуу журналына жарыяланган.
Ал 600дөн ашык фельетондордун, 50дөн ашык публицистикалык макалалардын, ондогон повест, романдардын автору. Улуу Ата Мекендик согуштун I, II даражадагы ордендери, «Каармандыгы үчүн медалы» ж.б. он жети медаль менен сыйланган.
Жарык көргөн китептери
түзөтүү- Үңкүрдүн сыры: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1966. – 212 б.
- Коркунучтуу түн: Повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 340 б.
- Атайын тапшырма: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1972. – 162 б.
- Ажал отунда: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1982. – 304 б.
- Жаралуу аркар: Окуялуу повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 400 б.
- Акыр заман: Публицистика. – Б.: Кыргызстан, 1994. – 32 б.
- Кара шайтан: Роман. – Б.: Кыргызстан, 1998. – 432 б.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6