Калыева Өктөм – жазуучу, обончу, акын жана котормочу. Өзгөн районунун Ничке-Сай айылында 1962-жылы 21-мартта туулган.

Өктөм Калыева
Өктөм Калыева

1979-жылы Совет орто мектебин, 1984-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1984-жылы Чаткал райондук “Чаткал оттору” гезитинде корректор болуп иштөө менен баштап, 1985-жылы жооптуу катчы, 1987-жылы райондук жергиликтүү радионун редактору болуп иштеген. Ошол эле жылдары Чаткал айылдык советинин Аялдар кеңешинин төрайымы болгон.

  • 1989-жылы – республикалык “Мугалимдер гезитинде” кабарчы, балдар бакчасында кыргыз тил мугалими. 1990–1992-жж. – Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин алдындагы Партиянын тарыхы институтунда редактор.
  • 1992–2000-жж. – “Эркин-Тоо” гезитинде корректор, кабарчы, бөлүм башчысы.
  • 1994–1995-жж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Дарыгер” гезитинин жооптуу катчысы.
  • 2000-жылы - Чүй облустук “Чүй баяны” гезитинин баяндамачысы.
  • 1996-жылы “Ак калпак” жеке менчик гезитин уюштурган.
  • 2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясында сектор башчы, референт. “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” китебинин авторлошу катары мекеме-уюмдардын, министрликтердин кызматкерлерине мамлекеттик тил боюнча сабак берген.
  • 2008-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматында (Кыргызпатент) адис, басма сөз катчысы, жетектөөчү адиси.
  • Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) расмий басылмаларды даярдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Обончу катары акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер А.Акбаровдун, Э.Тезекбаеванын, КР Эл акыны Т. Закированын, жана акын Р.Таштемированын ж.б. сөздөрүнө жазылган обондору телерадиодон аткарылып келет жана айрымдары Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылган.

Орус эл жомокторун, Г.Х.Андерсендин жомокторун, “ЛАРК” КБсынын “Жер мыйзамы” гезитин, ченемдик-укуктук актыларын, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун материалдарын жана окумуштуу О. Ибраимовдун “Т. Усубалиев” аттуу көлөмдүү китебин кыргыз тилине которгон.

1989–1990-жж. адабий сын макалалары “Кыргызстан маданияты” жумалыгына жарыяланып турган. Бир топ адабий-көркөм, публицистикалык, илимий-методикалык китептерди, сөздүктөрдү түзүүчүлөрдүн бири жана редактору.

Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу электр энергиясына, жылуулукка төлөө квитанцияларын кыргызчалап, элге жайылткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы, “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган.

2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

2017-жылы чыгармачылыктагы ийгиликтери жана эл аралык мамилерге кошкон салымы үчүн М. Шолохов атындагы Эл аралык сыйлыкка татыктуу болгон.

Кыргызпатенттин Ардак грамотасы, 2022-жылы Кыргызпатенттин отличниги төш белгиси жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2022-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы ыйгарылган.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Иш кагаздарын мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүү / Кыргыз жана орус тилдеринде/ – Б., 2004. – 220 б. (авторлош).

Казат Акматов: Адабий портрет. К-те: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 8-том. - Б.: Бийиктик, 2003. - 102-132-бб.

Кылмышкер аял: Новеллалар, аңгемелер. – Б.: Басма-Тамга, 2008. – 110 б.

Ойнок менен Мойнок: Балдар үчүн аңгеме. – Б.: Басма-Тамга, 2009. 24 б.

Кандуу үч бурчтук: Саясий детектив. – Б.: Басма тамга, 2010. – 138 б.

Аширбү: Повесть-эссе. – Б.: Басма тамга, 2014. – 150 б.

Аял жана эркек: Повесть. – Б.: Улуу тоолор, 2020. – 154 б.

Жашоонун куту – энелер: ырлар жана поэма-панорама. – Б.: Бишкек-принт, 2021 – 92 б.


Обондору:

Сен: с. А. Акбаров, о. Ө. Калыева. Аткаруучулар: Э. Асылбекова, С. Балтаева, Ө. Калыева.

Сага: с. А. Акбаров, о. Ө. Калыева. Аткаруучулар: З. Саламатов/Э. Асылбекова; А. Акбаров/Ө.Калыева.

Мени эсте: с. А. Акбаров, о. Ө. Калыева. Аткаруучулар: Ө.Калыева, Ш. Бектурганова (казак), Ж. Альворадо (кубинец).

Сүйүп жүрөмүн: с., о. Ө. Калыева. Аткаруучулар: Ө.Калыева, А. Акбарова.

Өмүр бир келет: с., о. Ө. Калыева. Аткаруучу: Ө.Калыева.

Жоогазын гүлү: Дуэт. – с., о. Ө. Калыева. Аткаруучулар: Э. Асылбекова/кызы;

Ө. Калыева/К. Акбарова.

Көзүңдү ала качпа: с. Т. Закирова, о. Ө. Калыева. Аткаруучу: Ө. Калыева.

Үмүт: с. Р. Таштемирова, о. Ө. Калыева. Аткаруучу: Ө. Калыева.

Жар-жар-ай: Дует – с. Ө. Калыева, о. А. Акбаров. Аткаруучулар: А. Акбаров/Ө. Калыева.

Тоого баралы: Дует – (кыргызча, орсуча, түркчө) с., о. Ө. Калыева. Аткаруучулар: К. Акбарова, С. Акбарова.

Колдонулган адабият түзөтүү