Макишев Үсөнбек (15.5.1929-жылы туулган, азыркы Чүй областы, Жайыл району, Сары-Булак айылы) – жумушчу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971). Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын куруу заводунун электр ширетүүчү. 1954-жылдан Фрунзе атындагы заводдо иштеген. Сегизинчи беш жылдыкта күндөлүк тапшырмасын 140–150% орундатып, беш жылдык планды 3 жыл 8 айда аткарган. Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү