Макроэволюция
Макроэволюция (гр. makros – узун, чоң) — жогорку рангдагы таксондордун (уруу, тукум, түркүм, класс жана башка) түзүлүшүнө, жаралышына алып келүүчү эволюциялык өөрчүү. «Макроэволюция» термини 1927-ж. Ю.А. Филипченко тарабынан сунушталган. Ал менен катар эле кээ бир окумуштуулар макроэволюция тууралуу сапаттык өзгөчө процесс деп жазышкан. Бүгүнкү күндүн эволюционистеринин көпчүлүгүнүн көзкараштары боюнча макроэволюция өзгөчө механизмге ээ эмес. Макроэволюция микроэволюция кубулушунан кийин гана ишке ашат. Микроэволюциялык процесстер топтолуп отуруп, макроэволюция түрүндө гана көрүнөт. Макроэволюция кеңири тарыхый деңгээлде байкалган эволюциялык өзгөрүүнүн жалпыланган сүрөттөлүшүн чагылдырат. Ошондуктан, макроэволюциянын деңгээлинде гана микроэволюция деңгээлинде байкоого болбогон органикалык дүйнөнүн эволюциясынын багыттарын жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктоого болот.
Булактар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4