Микроэволюция (гр. mikros – кичине жана эволюция) - түрдүн популяциясында жүрүүчү эволюциялык процесстердин жыйындысы. Анда популяциялардын генофондунун өзгөрүүсүнүн негизинде жаңы түр пайда болот. Бул термин 1938-ж.. Н. В. Тимофеев-Ресовский тарабынан азыркы маанисинде сунуш кылынган. Ал эми Ю. А. Филипченко тарабынан 1927-ж. эволюциянын ири жана майда кубулуштарын бөлүү максатында колдонулган. М. табигый тандалуунун көзөмөлдөөсү астындагы мутациялык өзгөргүчтүктүн негизинде жүрөт. М. – курчап турган чөйрөнүн өзгөрүлмөлүү шартына организмдердин ыңгайланышуусунун жолу менен багытталган жөнөкөй эволюциялык өзгөрүү. М-га популяциянын санынын өзгөрүүсү, алардын ортосундагы генетикалык маалыматтарды алмашуу, алардын обочолонуусу жана гендердин дрейфи таасир этет. М. биологиялык түрдүн бардык генефондунун өзгөрүүсүнө алып келет же обочолонгон популяциялардын баштапкы теги болгон түрүнөн өзгөргөн сапаттык жаңы форманын пайда болушун түшүндүрөт.

Макроэволюция

Колдонулган адабияттар түзөтүү