Максим Лисицын
Максим Лисицын | ||
Жалпы маалымат | ||
Толук аты-жөнү | Лисицын Максим Павлович | |
Төрөлгөн датасы | 11 -январь 1978 (46 жаш) Норильск, Краснояр крайы, РСФСР, СССР | |
Жарандыгы | Орусия | |
Бою | 182 см | |
Позициясы | коргоочу | |
Клуб тууралуу маалымат | ||
Клубу | Кыргызстан Дордой | |
Кызматы | Башкы машыктыруучу | |
Карьерасы | ||
Жаштар клубдары | ||
1995 | Черноморец | |
Клубдук карьерасы* | ||
1995—1996 | Кубань | 0 (0) |
1995—1996→ | Кубань-2 | 2 (0) |
1997—1998 | Экспо-Центр | ышк. |
2001—2002 | Русь (Кореновск) | ышк. |
Машыктыруучулук карьерасы | ||
2001—2016 | Краснодар ФА | |
2015—2016 | Сочи-2 | |
2016—2018 | Кубань | |
2018—2019 | Урожай | |
2019 | Биолог-Новокубанск | |
2020—2023 | Илбирс | |
2022—2023 | Кыргызстан U-20 | |
2023—а.у | Дордой | |
2023—а.у | Кыргызстан U-23 | |
2024—а.у | Кыргызстан | |
* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон.
|
Максим Лисицын — Орусиялык машыктыруучу, Кыргызстандын курама командасынын жана Бишкектин Дордой клубунун башкы машыктыруучусу.
Өмүр баяны
түзөтүү«Кубань-2» резервдик командасында футболчу катары ойногон. Аскердик кызматты өтөгөндөн кийин машыктыруучулук карьерасын баштаган.15 жыл Краснодар крайынын Футбол академиясында иштеген[1]. «Кубани-2» машыктыруучулар штабынын мүчөсү болгон, андан кийин Краснодар клубунун тандоо бөлүмүндө, кийинчерээк ал «Урожай» клубун жетектеген[2] .
2020-жылы Кыргызстандын Премьер-Лигасынын “Илбирс” клубун жетектеген [3][4].
2022-жылдан бери Кыргызстандын жаштар курамасын жетектеп келет. Максим Лисицындын жетекчилиги астында 2022-жылы команда квалификациядан ийгиликтүү өтүп, Азиянын эң мыкты 16 командасынын катарына кирген, ал эми 2023-жылы бул команда Азия Кубогунун финалдык оюндарына катышып, тайпадагы атаандаштары Сауд Арабия, Жапония жана Кытай командалары болгон.
2022-жылдан бери Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын жетектеп келет. 2023-жылдын декабрында ал «Дордой» клубун жетектеген. Адис курама командадагы жана клубдагы кызматтарды бириктирет. [5] 2024-жылдын 13-июнунда Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган. [6]
Булактар
түзөтүү- ↑ Максим Лисицын: «Надеюсь, Антонов в „Динамо“ пойдет по пути Катрича».
- ↑ Поздравляем Максима Лисицына!. Текшерилген күнү 15 -июнь (кулжа) 2024. Түп булактан архивделген күнү 15 -январь (үчтүн айы) 2019.
- ↑ Заявка «Илбирса» на новый сезон Премьер-Лиги.
- ↑ Максим Лисицын: «Молодые игроки не справились с волнением».
- ↑ Максим Лисицын – новый главный тренер «Дордоя» | Новости клуба | Официальный сайт футбольного клуба Дордой (Бишкек).
- ↑ KYRGYZ KURAMA.