Максутов Алтынбек Аскарович

Максутов Алтынбек Аскарович (13 октябрь 1972-жыл; Казарман, Тогуз-Торо району, Кыргыз ССР, СССР) — театр актеру, режиссёр, Кыргызстандын саясий ишмери. Кыргыз Республикасынын эл артисти [1][2][3][4][5][6].

Максутов Алтынбек
Желек
Желек
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
желек
желек
 10-октябрь 2022-жыл
Президент: Садыр Жапаров
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министр
желек
желек
2014 — 2016
Андан мурунку: Жоомарт Оторбаев
Андан кийинки: Талиева Камила
 
Жарандыгы:  Кыргызстан
Дини: ислам
Жубайы: Таалайкан Абазовна
Билими: М. С. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайы
Кесиби: актёр

1972-жылы 13-октябрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында туулган.

1993-жылы Москвадагы М. С. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын аяктаган.

2000-жылы М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайын бүтүргөн.

1993—1998-жылдары — А. Умралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын II категориядагы актеру.

1998—2003-жылдары — А. Умралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын I категориядагы актеру.

2004—2014-жылдары — «Макал Арт» чыгармачылык бирикмесинин жетекчиси.

2010—2013-жылдары — А. Умралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын режиссер-коюучусу.

2013—2014-жылдары — Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын башкы режиссеру.

2014-жылы — «Макал-Арт» коомдук фондунун президенти.

2014—2016-жылдары — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри.

2016—2022-жылдары — Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси.

2022-жылдын 10-октябрынан тартып, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри[7].

Булактар

түзөтүү
  1. Кто есть Кто, archive.li (21 -май (бугу) 2015). Архивировано из первоисточника 21 -май (бугу) 2015. Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2018.
  2. Максутов Алтынбек Аскарович, Вечерний Бишкек. Архивировано из первоисточника 7 -июнь (кулжа) 2017. Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2018.
  3. Вновь назначенного главу Минкультуры Алтынбека Максутова представили коллективу - Новости Кыргызстана. Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2018.
  4. Sputnik. Максутов Алтынбек Аскарович. Биография (орусча)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). ru.sputnik.kg. Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2018.
  5. Sputnik. В Стамбуле стартовало празднование 1000-летия Баласагына (орусча). ru.sputnik.kg. Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2018.
  6. Ажыматов, Зайырбек. О сомнительном достоинстве государственных наград (ru), Радио Азаттык (Кыргызская служба Радио Свободная Европа/Радио Свобода). Архивировано из первоисточника 14 -сентябрь (аяк оона) 2018. Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2018.
  7. Максутов Алтынбек Аскарович