Малкалды, айыл (Аксы району)

Малкалды айылы (совет доорундагы аталышы – Жаңы-Жол) – Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районундагы ири кыштак.

Кыскача таржымакалы түзөтүү

Малкалды айылы (совет доорундагы аталышы – Жаңы-Жол) – Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районундагы ири кыштак. Ал Жаңы-Жол айыл округунун борбору. Бул кыштак мурда Аксы районунун борбору да болуп турган.

Калк саны – 2074 киши (2007-жылдын эсеби). Айылда негизинен кыргыздын саруу уруусунун өкүлдөрү байырлайт.

Негизги чарбасы – дыйканчылык, мал чарбачылыгы.

Кыштакта орто мектеп, маданият үйү, дарыкана, амбулатория бар.

Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Лениндин эстелиги кароосуз калды.

Географиялык маалымат түзөтүү

 
Аксы районунда жайгашкан Бозбу тоосу. Ушул тоонун үстүндө Бозбу-Ата мазары жайгашкан.

Кыштак калкынын малы Авлетим, Чоң-Жайлоо, Бозбу-Ата ж.б. жайлоолордо жайлайт.

Кыштак райондун азыркы борбору Кербен кыштагынан 55 чакырым чыгышыраакта жайгашкан.

Кыштак Таш-Көмүр темир жол бекетинен 40 чакырымдай түндүк-батышта жайгашкан.

Кыштактан чыккан инсандар түзөтүү

Малкалды кыштагынан бир катар даңазалуу инсандар, илимпоздор, коомдук ишмерлер чыккан.

Алардын арасында тарых илимдеринин кандидаты Туратбек Жоробеков (1946-2016), экономика илимдеринин кандидаты Кадыржан Райымбеков, педагогика илимдеринин доктору Сатканбай Момуналиев, биология илимдеринин кандидаты Максатбек Казакович Мамытбеков, саясат таануу илимдеринин кандидаты Уран Токтоназарович Ботобеков, ж.б. чыккан.

Ушул айылдан айтылуу Алымкан Субан-бий кызы (1874-1942) чыккан. Ага кезинде Токтогул Сатылган уулу ашык болгон. Анын атасы Субан-бий Аксыда 19-кылымда төбөсү көрүнгөн бий болгон.

Айылдагы “Ленинчил жаш” орто мектеби пост-советтик доордо айылдык агартуучу Жоробек Мамытбековдун ысымын алып калды.

Малкалдылык илимпоздордун эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

  • Ботобеков У.Т. Захруддин Мухаммед Бабур кайсы улутка тиешелүү? // «Dialog Avrasya». – Бишкек. Издательство “Басма”, 2009, – Б. 24-25.
  • Ботобеков У.Т. Ситуация в Ферганской долине: религиозный экстремизм и оборот наркотиков // Многомерные границы Центральной Азии. Под ред. М.Б. Олкотт и А Малашенко. Московский Центр Карнеги. – Москва, Гендальф, 2000. Вып. №2. – С. 44-55.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү