Меңди Мамазаирова

Мамазаирова Меңди‎»‎ барагынан багытталды)

Меңди Мамазаирова — акын, жазуучу[1].

Меңди Мамазаирова
Туулган датасы:

1 -май 1943(1943-05-01) (81 жаш)

Туулган жери:

СССР, Кыргыз ССР, Коңур-Жаз айылы

Өмүр баяны

түзөтүү

Кара-Суу районунун Коңур-Жаз айылында 1943-жылы 1-майда туулган[2].

1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1965-жылы Кыргыз Мамлекеттик телерадиокоми-тетинде иштөөдөн баштаган. 1967-1971-жж. Кара-Суу районунда орто мектепте мугалим, 1971–1974-жж. Ош облустук край таануу музейинде экскурсия башчысы, 1974-жылда «Мугалимдер газетасы» гезитинде кабарчы болуп иштейт. 1995-1996-жылдары «Азаттык» үналгысынын кабарчысы, 1996-жылдын августунан баштап Кыргыз Мамлекеттик телерадио корпорациясында кабарчы, комментатор болуп эмгектенүүдө.

«Нөшөр» деп аталган алгачкы аңгемелер жыйнагы 1975-жылы жарык көргөн.

1993-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» деген ардактуу наамга татыктуу болгон. 2007-жылы мамлекеттик «Даңк» медалы ыйгарылган[3]. Кыргыз Республикасынын эл акыны (2017).

Жарык көргөн китептери

түзөтүү
  • Нөшөр: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1975. – 52 б.
  • Саламатсыңбы, Күн!: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 52 б.
  • Жайдын эң, ысык күнү: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1980. – 144 б.
  • Туулуп өскөн үй: Повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 172 б.
  • Ак канаттуу чабалекей: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1985. – 204 б.
  • Наристеге арналган хризантема: Ош драма театры,. 1987.
  • Турумтай: Роман, повесть, аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1988, – 336 б.
  • Аппак аял айдай кыз (Бакустун ак көйнөгү): Трагедия. – Кыргыз мамлекеттик жаштар театры, 1992.
  • Кымгуут түшкөн бир кечте: Драма. – К. Жантөшов атындагы Ысык-Көл обл. драма театры, 1993.
  • Кайгыдан тургуздум сага бир эстелик: Ырлар жыйнагы, ОсОО «Са-быр», 2000.
  • Турумтай: Роман, аңгеме. – Б., 2004.
  • Энелер үнү: Публицистикалык поэма. – Б., 2007.
  • Жаңгак гүлү: Повесттер. – Б., 2007.
  • Таарынган шаар: Ырлар, поэмалар. – Б.

Булактар

түзөтүү
  1. Ааматов, М.; Чекиров, А.; Калыева, Ө. (2011). Кыргыз Республикасынын жазуучулары. Бишкек: Кыргызпатент. ISBN 978-9967-26-379-6. 
  2. Эл акыны Меңди Мамазаированын 80 жылдыгы белгиленүүдө, Азаттык үналгысы (12.06.2023).
  3. Меңди Мамазаированын "Аймаран" романынын бет ачары өтүп жатат, Азаттык үналгысы (26.01.2019).