Мамаке Чыйбыт уулу (18-к., Нарын өрөөнү, Чет-Нура аймагы) — баатыр.
1755—60-ж. Канкожо башкарып турган Үрүмчү, Кулжа, Ысык-Көл аймагындагы элдерден кытай ханы көп алык-салык алып турган. Мындай зомбулукка чыдабаган Канкожо «дин ислам үчүн» деген ураан менен мусулман элдерин көтөрүп согуш ачкан. Ошол согушта Мамаке, Шопок баатырлар өзгөчө эрдиктерди көрсөтүшкөн cогуш жеңиш менен аяктап, Канкожо аларды баатыр атаган. Алардын эрдиктери жөнүндө Жусуп Мамайдын ыр менен жазылган китеби чыккан. Мамаке 60—70 жаштар курагында көзү өткөн.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.