Кадырбай Мамбетакунов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Кадырбай Мамбетакунов
Туулган жылы: 15-июнь, 1939-жыл
Туулган жери: Алыш айылы, Нарын району, Кыргызстан
Өлгөн жылы: 1990-жыл
Өлгөн жери: Фрунзе шаары Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: акын, драматург

Мамбетакунов Кадырбай - кыргыз совет акыны жана драматургу.

Өмүр баяны түзөтүү

Кадырбай Мамбетакунов Тянь-Шань районундагы Алыш айылында 1939-жылы 15-июнда туулган.
К.Мамбетакунов 1956-жылы Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектепти,
1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1955-жылы Нарын облустук радиосунда диктор болуудан баштаган.
1961-жылы Нарын шаарындагы Токтогул атындагы мектепке кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалимдикке жолдомо алат.
1965-жылы Нарын шаардык элге билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына,
1967-жылы Нарын педагогикалык окуу жайынын директорлугуна дайындалган.
1971–1980-жж. Кыргызстан Компартиясынын Нарын обкомунда инструктор, саясий агартуу башчысы, үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысынын орунбасары.
1980-жылдан Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрында адабият бөлүмүнүн башчысы,
1984-жылдан «Кыргызстан» басмасынын көркөм адабият редакциясынын башчысы,
1986-жылдан ошол эле басманын башкы редактору болгон.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Чыгармалары 1960-жылдан баштап жарыялана баштаган. Алгачкы «Шоола» аттуу ырлар жыйнагы 1971-жылы жарык көргөн. «Омар Хайямдын махабаты» (1980), «Үкөй» (1978), «Акын жана ажал» (1987), «Боз бойдок» (1989), «Соңку жомок» (1989) драмалары көрүүчүлөргө кеңири маалым. Кыргыз тилине А.Мудриктин «Жогорку класстын окуучуларын тарбиялоо жөнүндө» деген китебин, Карел-Финн элинин атактуу «Калевала» эпосун которгон. Драматургдун «Нарын козголоңу», тарыхый пьесасы, «Соңку жомок» фантастикалык драма-новелласы орус тилине которулган. 1980-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн», «Эмгек ардагери» медалдары менен сыйланган. СССР басма сөзүнүн, Кыргыз ССР эл агартуусунун отличниги. А.Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты.
Эл депутаттарынын Нарын шаардык Советинин депутаттыгына, Кыргызстан Компартиясынын Нарын шаардык жана облустук комитеттеринин мүчөлүгүнө, агартуу кызматкерлеринин профсоюзунун Нарын шаардык комитетинин төрагалыгына шайланган. Кыргызстан жазуучулар Союзунун Башкармалыгынын мүчөсү болгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ түзөтүү

Кыргыз тилинде

Шоола: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1971. – 51 б.
Hyp көпүрө: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 39 б.
Жубар берметтер: Ырлар жана поэмалар. – Ф. Кыргызстан 1980 – 72 б.
Омор Хайамдын махабаты: Драмалар. – Ф.: Кыргызстан 1986. – 280 б.
Айкөл Манас – Б.: Кыргызстан, 1995. – 184 б.
Арзуу: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Адабият, 1989. – 215 б.
Жазгүл: Тырнактай пьеса. – Ф.: Адабият, 1990. – 28 б.

КОЮЛГАН ПЬЕСАЛАРЫ түзөтүү

Укей (Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрында, 1978).
Омар Хаямдын махабаты (Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, 1980).
Акын жана ажал (Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, 1987).
Боз бойдок (Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрында, 1989; Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаш жеткинчектер театрында, 2006).
Соңку жомок (Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрында, 1989).

КОТОРМОЛОРУ түзөтүү

Мудрик А.В. Жогорку класстын окуучуларын тарбиялоо жөнүндө – Ф.: Мектеп, 1984. – 236 б.

Колдонулган адабият түзөтүү