Image_file

Мамбеталиев Молдакун

Мамбеталиев Молдакун (1906, Ат-Башы району, Ат-Башы айлы — 1964, Бишкек ш.) — мамлекеттик ишмер.

1936-жылдан Нарында комсомол жана партиялык иштерде иштеген.
1936—37-ж. Москвада СССР Эл комиссарлар советинин Даярдоо комитетинин Борбордук курсунда окуган. Аны бүтүргөнден кийин бир нече ай Лейлек районунда СССР ЭКСнин екүлү, кийин 1946-жылга чейин СССР даярдоо эл комиссариатынын Кыргыз ССРи боюнча даярдоо бөлүмүнүн башчысына орун басар, ревизор, начальник.
1946—49-ж. Ысык-Көл облустук эл депутаттар советинин аткаруу комитетинин төрагасы.
1949—56 жана 1958—61-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, 1956—58-ж. Москвада КПСС БКнын курсунун угуучусу, 1961—62-ж. Кыргыз ССРинин Көзөмөлдөө Комиссиясынын төрагасы.
1962—64-ж. Кыргызстан КП БКнын партиялык-мамлекеттик көзөмөлдөө комитетинин төрагасынын орун басары.
Мамбеталиев Кызыл Жылдыз, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Кыргыз ССРинин Жогорку Кенешинин депутаты (1947—67).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.