Мамбеталиев Асан (16.4.1924, Ысык-Көл областы, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары – 1989, Ысык-Көл областы, Балыкчы шаары) – Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971). 1940-жылдан 54-жылкы заводунда жумушчу. 1942–49-жылдары советтик Армиянын катарында. Армиядан келгенден кийин «Автовнештранстын» Балыкчы бөлүмүндө машина айдоочу болуп иштеген. Сегизинчи беш жылдыктын планын 120%ке аткарган. 1967–75-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, 3-даражадагы Эмгек Даңкы ордендери, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү