Мамбет Кулжабай уулу Койгелдиев (каз. Мәмбет Құлжабайұлы Қойгелдиев; 1946-жылы баш оона (август) айынын 18инде Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Чүй районундагы Масак-Актөбе айылында туулган) – Казакстандын заманбап тарыхчы окумуштуусу, тарых илимдеринин доктору, Казакстан ИАсынын мүчө-кабарчысы (2013). Эл аралык Сократ сыйлыгынын ээси, Венадагы эл аралык университеттин ардактуу профессору. Казак жана кыргыз тарыхтары боюнча белгилүү адис.

Мамбет Кулжабаевич Койгелдиев.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Мамбет Кулжабаевич Койгелдиев 1946-жылы баш оона (август) айынын 18инде Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Чүй районунун Масак-Актөбе айылында туулган.

Орто мектепти бүтүргөндөн кийин Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетине тапшырган.

Өзүнүн Бишкектеги студенттик жылдары жөнүндө Мамбет Койгелдиев мындайча эскерет Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine: “Бизге ошол убактагы Б.Жамгырчинов, С.Аттокуров, Мусин сыяктуу атактуу тарыхчы илимпоздор дарс окушчу. Алардын талаптары да абдан катуу эле. Университеттин адабий ийрими аябагандай популярдуу, күчтүү да болчу. Студенттердин адабиятка кызыгуулары чоң эле. Өзүмдүн да анча-мынча чымыным бардыгынанбы, мен да ийримге катышып жүрдүм. Аман Токтогулов, Тургунбай Эргешов, Беганас Сартов жана башкалар менин жакын досторум эле...”

КУУдагы бул факультетти аяктаган соң, 1968-жылдан тартып Мамбет Койгелдиев оболу өзүнүн айылында мугалим болуп иштеген.

Андан соң Алматы шаарындагы Казак мамлекеттик университетинде окутуучу, доцент, профессору болуп да иштеген.

Бир катар жылдар Казакстандын илимдер академиясынын тарых институтунун директору болуп иштеген.

2005-жылы ал Казакстандын Билим берүү министрлигине караштуу “Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институту” аталыштагы республикалык мамлекеттик казыналык ишкананын деректири болгон.

Алматы шаарындагы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин Казакстандын тарыхы жана маданияты кафедрасынын башчысы болуп иштеп келет.

Мамбет Кулжабаевич Койгелдиев - Казакстан Тарыхчылар Ассоциациясынын президенти.

Негизги илимий изилдөө өңүтү түзөтүү

Мамбет Кулжабаевич Койгелдиев Казакстандын, Кыргызстандын жана жалпы Борбордук Азия элдеринин 18-20-кк. тарыхы боюнча аймактагы ири адистерден.

Ал Борбордук Азиядагы улуттук боштондук кыймылдар, казак жана кыргыз элитасы, сталиндик доордогу саясий куугунтуктар ж.б. тууралуу ар кыл темаларда ондон ашуун монография, китептерди, төрт жүздөн ашуун илимий макалаларды жарыялаган.

Соңку жылдары, маселен, анын "Движение Алаш" (2008), "Жетысу-Иссыккульская трагедия" (2008), "Байзак Мамбетулы и его современники" (2009), "Сталинизм и репрессии в Казахстане. 1920-1940-е гг." (2009) деген көлөмдүү эмгектери жарык көрдү.

Кыргызстан менен илимий алакалары түзөтүү

Профессор Мамбет Койгелдиев Кыргызстандын илимий чөйрөсү менен тыгыз кызматташып келет. Ал нечендеген кыргыз тарыхчылары жазган илимий диссертацияларга расмий оппонент болгон. Кыргызстандагы илимий жыйындарга байма-бай катышууда.

Ал 2009-жылы Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Жети-Суу – Ысык-көл алааматы” ("Жетысу-Иссыккульская трагедия"), “Байзак Мамбет уулу жана анын замандаштары” ("Байзак Мамбет улы и его современники") деген китептеринин бетачарын өткөргөн.

Бул бет ачар маалында (2009-жылдын 5-июнунда) М.Койгелдиев өзүнүн жаңы китептери Кыргызстан тарыхына түздөн-түз байланыштуу экенин мындайча белгилеген Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine:

“"Жети-Суу - Ысык-Көл трагедиясы" деген биринчи китебимде Көлдөгү 1916-1920-жылдардагы каргашалуу окуялар иликтенген. Китепте мурдатан илимий чөйрөдөгүлөргө, окурмандарга белгилүү болгон фактылар менен кошо таптакыр жарыяланбаган, белгисиз көптөгөн архивдик материалдар, документтер да келтирилген. Ысык-Көлдүк боордошторубуз "Үркүн" деп аталган козголоңдон улам оор сыноолорго тушугуп, трагедияга учурап жатканда казактын ошол мезгилдеги чыгаандары, чыгармачыл инсандары атайын фондуларды түзүшүп, каражат чогултушуп, көлдүктөргө колдорунан келген моралдык, материалдык жардамдарды көрсөтүшкөн. Китепте мына ошондой боордоштук жардамдарды ырастаган документалдуу материалдар да келтирилген.

Экинчи китеп, азыркы Түп районуна караштуу аймактан чыккан, кыргыздын мыкты уулдарынын бири Байзак Мамбет уулуна арналган. Ал өз убагында Көл кылаасында аябагандай кадыр-барктуу, таасирдүү, он эки жыл бий, алты жыл болуш болуп иштеген, кудай жолуна түшүп, 1911-жылы Мекеге ажылыкка барып келген адам болгон. Ал жөнүндө архивдик материалдар көп. Ал 1916-жылы айылдаштарын баштап, аларды коогалаңдан сактоо үчүн Кытайга качат, бирок совет бийлиги орногондон кийин 1921-жылы аларды баштап кайра Ысык-Көлгө алып келет. Болжол менен Байзак Мамбет уулуна кошулуп кайра келгендер 1 миңден ашык адам болгон. Кийинчерээк совет бийлигинин жергиликтүү өкүлдөрү Байзак Мамбет уулун "калган кыргыздарды чогултуп кел" деп Кытайга кайра жөнөтүшкөн. Байзак бабабыз ал тапшырманы да ийгиликтүү аткарган.

Менин эмгегим Москванын, Алматынын, Коженттин, Бишкектин архивдеринен алынган мате-риалдарга негизделген. Алардын басымдуу көпчүлүк бөлүгү мурда эч жерде жарыяланган эмес. Ошол жылдары Орунбургда казак тилинде "Казак" деген аталыштагы гезит чыгып турган. Ошол гезитке 1916-жылдагы Казак-Кыргыз улуттук боштондук көтөрүлүшү, Ысык-Көлдөгү окуялар жөнүндө материалдар жарыяланган экен. Мен архивдик булактардан сырткары мына ошол материалдарды да пайдаландым”.

2015-жылы баш оона (август) айынын 28инде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында башкеңсеси Астана шаарында жайгашкан Түрк академиясынын басмадан жарыяланган олуттуу китептеринин Кыргызстандагы бет ачары өткөрүлүп, ал аземге профессор Мамбет Койгелдиев да катышты.

Мамбет Койгелдиев бул жыйын маалында Кыргызстандагы КГБнын архивдик маалыматтарын ачык жарыялоо тууралуу суроону кабыргасынан койду: “Сиздер, кыргыз боорлорум, 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн баатырлары, падышалык Орусиядан өз атажуртуңардын эгемен болушу үчүн күрөшкөн бабаларыңыздар жөнүндө чагылдырган архивдик маалыматтарды солгун жарыялап жатасыздар. Маселен, кыргыз менен казактын улуттук кызыкчылыктары үчүн тайманбай күрөшкөн “Алаш” кыймылы жана анын Кыргызстандагы тобу тууралуу көп маалымат жабылуу бойдон калып жатат. Алардын арасында Эшенаалы Арабай уулу, Абдыкерим Сыдык уулу сыяктуу залкарлар бар эмеспи!”

Учурда профессор Мамбет Койгелдиев Түрк академиясы менен Кыргызстандын тарыхчы окумуштууларынын тыгыз байланышын андан ары чыңдоого өз салымын кошууда.

Сыйлыктары. Даражалары. Наамдары түзөтүү

Мамбет Койгелдиев - тарых илимдеринин доктору.

Ал Эл аралык Сократ сыйлыгынын ээси («Socrates international Award» Оксфорд, Улуу Британия, 2007).

Венадагы эл аралык университеттин ардактуу профессору (Австрия, 2007).

Казакстан ИАсынын мүчө-кабарчысы (2013).

Казакстандагы Кызыл-Ордо шаарындагы Коркут Ата атындагы университеттин ардактуу профессору.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Жубайы – Сауле Жусып кызы. Алардын үч уулу бар.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси түзөтүү

  • "Движение Алаш" (2008)
  • "Жетысу-Иссыккульская трагедия" (2008)
  • "Байзак Мамбетулы и его современники" (2009)
  • "Сталинизм и репрессии в Казахстане. 1920-1940-е гг." (2009)
  • Главное историческое событие XX века: (К 73-й годовщине Великой Окт. революции) / М. Койгелдиев ; Алма-Ата: О-во "Знание" КазССР, 1990. - 18 с.
  • Сборник летописей Кадыргали би Косумулы / Р. Сыздыкова, М. Койгелдиев. - Алма-Ата: Каз. ун-т, 1991. - 269, 2 стр.
  • http://vernoye-almaty.kz/1000/glyadya.shtml

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү