Мамлекеттик бийлик органдарынын актылары

Мамлекеттик бийлик органдарынын актылары - Кыргызстанда милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон, Кыргыз мамлекетинин өкүлдүү уюмдары - Эл депутаттарынын кеңештери чыгаруучу жалпы эрежелер же жеке мүнөздөгү буйруктар.

Кыргызстанда мамлекеттик бийлик органдарын жарандар шайлагандыктан бул актылар шайлоочулардын амири менен аныкталат жана бекемделет. Бул актыларды чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Жогорку кеңештин жумушчу регламенттеринде. Эл депутаттарынын жергиликтүү кеңештери жөнүндөгү жободо аныкталган. Аталган актылар жогорку жана жергиликтүү органдардын актылары деп бөлүнөт. КР Жогорку Кеңешинин компетенциясына Конституция кабыл алуу, ага өзгөртүү киргизүү жана мыйзамдарды чыгаруу кирет. Жогорку Кеңеш колдонулуп жүргөн мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизүүгө укуктуу. Бирок ал өзгөртүүлөр кийин сөзсүз Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилиш керек. Аңдан тышкары Жогорку Кеңеш нормалык чечимди талап кылбаган кээ бир маселелер боюнча токтом чыгарат. Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары - кеңештер (областтык, райондук, шаардык жана айылдык) - автономия республикалардын мыйзамдары боюнча өздөрүнө берилген укуктардын четинде чечимдер кабыл алат. Жергиликтүү кеңештин актысын же аны кабыл алган же андан жогору турган кеңеш гана жокко чыгара алат. Жергиликтүү кеңештердин актыларынын мыйзамдуулугун тийиштүү Жогорку Кеңеш көзөмөлдөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4