Мамлекеттик гимн
Мамлекеттик гимн (гр. hymnos – салтанаттуу ыр) – атамекенди, тарыхый окуяларды, алардын каармандарын даңктоочу музыкалык-поэтикалык чыгарма; мамлекеттин ырасмий символдорунун бири. КР М. г-и – КР мамлекеттик символу, мыйзамда каралган учурларда аткарылуучу музыкалык-поэтикалык чыгарма түрүндө болот. КР М. г-и бекитилген музыкалык редакцияга жана текстке так ылайыкта аткарылууга тийиш. КР М. г-ин так аткарууга байкоо жүргүзүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле КР уюмдарына жүктөлөт.
Колдонулган адабияттар Түзөтүү
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7