Мамлекеттик инспекциялар

Мамлекеттик инспекциялар – атайын түзүлгөн мамлекеттик контролдоочу органдар. Негизги максаты – мыйзамдуулукту бузууга жол бербөө, мамлекеттик тартипти чыңдоо жана аны сактоо боюнча чараларды колдонуу. Мамлекеттик инспекциялар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, ведомстволордун алдында түзүлөт. Мамлекеттик инспекциялар өзүнө баш ийген мекемелердин ишине, анын ичинде пландаштыруу, материалдык-техникалык жактан жабдуу, финансы жана кредит, кадр, эмгек акы, башка социалдык маселелер жагындагы ишине жетекчилик кылат. Алардын ишин жөнгө салуучу ж. б. мыйзамдардын негизинде мамлекеттик инспекциялар өз компетенциясынын чегинде жана аны аткаруу иретинде актыларды чыгарат. Мамлекеттик инспекциялар юридикалык жак болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү