Мамлекеттик коопсуздук органдары

Мамлекеттик коопсуздук органдары мамлекеттик бийликтин административдик аткаруучу жана буйрук берүүчү институттары; жашап жаткан коомдук-саясий түзүлүштүн, коопсуздугун камсыз кылууга чакырылган.

  • Мамлекеттик коопсуздук деп өлкөнүн ички жана эл аралык коопсуздугун камсыз кылууга, жашап турган мамлекеттик жана коомдук-саясий түзүлүштү сактоого, адам укугун коргоого милдеттүү системаны айтабыз. Мамлекеттик коопсуздук өзүнө экономикалык, саясий, согуштук, экологиялык, гуманитардык, маалымат коопсуздуктарды камтыйт.
  • Мамлекеттик коопсуздук органдары коопсуздук маселелерине профессионалдык мамиле жасаганы спецификалык өзгөчөлүгү болуп эсептелет.
  • Ушул максатта алар атайын уюмдарга, зарыл күчтөргө, каражаттарга ээ болуп, өз ишмердүүлүгүндө атайын, өзгөчө ыкмаларды колдонушат. Эреже катары, алар башка мамлекеттердин өзүнө окшогон органдарына өлкөнүн ичиндеги алардын агентурасына каршы күрөш жүргүзөт. Мамлекеттик коопсуздук органдары өлкөнүн мыйзамына ылайык түзүлүп, Өз ишмердүүлүгүнө алар менен жетектелүүгө милдеттүү. Эгерде алар өлкөдө бирдиктүү бийликке жетишсе, бул мыйзамсыздыкка, диктатурага, авторитардык тартиптин орношуна, демократтык бардык институттарынын кулашына алып келет. Коомдо Мамлекеттик коопсуздук органдары так ойлонулган түзүлүшүн, алардын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулукту сактоосун теске салып турушу зарыл. Алардын ишинин айкын структурасы жана мазмуну орун алып калган саясий системалардын, бир катар ички жана тышкы абалынын өзгөчөлүгүнөн көз каранды. Анын ичинде эл аралык жана Ички мамилелердин абалы жана динамикасы, тигил же бул мамлекеттин экономикалык жана саясий туруктуулугун чоң ролду ойнойт.
  • Азыркы мезгилде Мамлекеттик коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүндө бир катар жаңы функциялар пайда болду. Алар: жашыруун курал-жарак сатууну токтотуу, терроризм, наркобизнес, уюмдашкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү, коомду жана ар бир граждандын укугун коргоо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9