Фатима Мамуралиева (1924-жылы 20-майда туулган, Ысык-Көл облусунун Түп району, Талды-Суу айылы) – Кыргызстандагы биринчи аял кинорежиссер. Кыргызстандан ВГИКтин алгачкы бүтүрүүчүсү.

Фатима Мамуралиева
Ишмердүүлүк тармагы:

Кинорежиссёр

Туулган датасы:

20 май, 1924 жылы

Туулган жери:

Талды-Суу айылы, Түп району, Ысык-Көл облусу, Кырзыз Республикасы

Жарандыгы:

CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан

Өлгөн датасы:

2004 жылы

Кыскача өмүр баяны

түзөтүү

Фатима Мамуралиева 1924-жылы 20-майда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1941-жылы Фрунзе шаарындагы орто мектептердин бирин бүтүрүп, A. В. Луначарский атындагы ГИТИСтин кыргыз тобуна тапшырган. 1946-жылы Фрунзе кинохроника студиясында М.Слуцкийдин “Советская Киргизия” тасмасын тартуучу топко режиссёрдун жардамчысы болуп ишке орношкон.

ВГИКтеги окуусу

түзөтүү

1947-жылы сентябрда Бүткүл Союздук мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) режиссёрлук факультетине өтүп, кинорежиссёр, сценарист, драматург, актёр жана педагог Игорь Савченконун устаканасында билим ала баштаган. 1953-жылы Фатима Мамуралиева Москвадагы окуусун ийгиликтүү аяктаган. Окуп жүргөндө “Үчүнчү сокку” (“Мосфильм”) даректүү-сахналуу аскердик-киноэпопеялык тасмасында режиссёрдун жардамчысы болуп иштеген.
ВГИКти аяктагандан кийин Ф.Мамуралиева Фрунзе киностудиясында хроника режиссёру катары толук кандуу иштей баштаган. Мындан тышкары “Советская Киргизия” киножурналын чыгарууга катышкан. 1956-жылы Ф.Мамуралиева В.Валованын сценарийи боюнча “Ак жол” (1956) аттуу биринчи даректүү киноочеркин жаратат. Тасмада Кемин районунун алдыңкы механиги Исмаил Матказиев, анын өмүрү жана эмгек жолу жөнүндө кеңири баяндалат. 1963-жылдан тарта ал көркөм тасмаларды орус тилинен кыргызчага дубляждоо менен алектене баштаган. Ф.Мамуралиева 17 жылдын ичинде “Дама с собачкой”, “Родная кровь”, “Воскресение”, “Отец солдата”, “Ленин в Польше”, “Верность матери”, “Поднятая целина”, “Журналист”, “Доживем до понедельника”, “Бег иноходца”, “Комиссары”, “Конец Любавиных” өңдүү ондогон тасмаларды кыргызчага дубляждаган[1].

1950-жылдары Советтик Кыргызстандын даректүү киносу

түзөтүү

1950-жылдардын орто ченинде Кыргызстандын даректүү киносунда бурулуш учур болгон. Студияга атайын билим алган жөндөмдүү жаштар келген эле. Ал маалда кыргыз даректүү тасмаларында режиссерлор А.Токарев, И.Кокеев, Ф.Мамуралиева, Л.Турусбекова, үн оператору Т.Океев (келечектеги режиссер), операторлор К.Кыдыралиев, М.Туратбеков жана башкалар иштеп жатышкан[2].
Сынчылардын жана кеңири аудиториянын көңүлүн бурган тасмаларды тарткан биринчи дипломдуу режиссерлор аялдар болгондугу көңүл жибитет.

“Ак жол” киноочерки

түзөтүү

“АК ЖОЛ” 1-бөлүк, ак/кара, обч/э, к/очерк
Сценарийди жазгандар — В. Валова, Ф. Мамуралиева
Режиссёру — Ф. Мамуралиева
Оператору — И Герштейн
Директору — А. Ибраимов
Фрунзе обл. Беловодск МТСинин жергиликтүү механиги И. Матказиев, анын МТСтин инженери катары иши тууралуу тасма[3].

Шилтемелер

түзөтүү

Владимир Михайлов. Кыргыз киносунун каармандары// Литературный Кыргызстан, 2020-жыл, №3. – 198-б.// http://literatura.kg/uploads/lk_3_2020.pdf // http://www.kirgizfilm.ru/pablik/katalog.pdf Жооптуу редактору: Вавилкина Наталья. “Кыргыз кереметинин” сүрөттөрү кошулган журнал жарык көрдү// https://www.vb.kg/doc/392310_vyshel_v_svet_jyrnal_c_fotogalereey_kyrgyzskogo_chyda.html

  1. Мамуралиева Фатима //https://www.open.kg/about-kyrgyzstan/famous-personalities/cinematographers-of-soviet-kirghizia/33231-mamuralieva-fatima.html
  2. Киностудиянын тарыхынан. http://kirgizfilm.ru/index.php/2009-12-11-08-44-24/44-2009-12-07-13-49-41
  3. Т. Океев атындагы “КЫРГЫЗФИЛЬМ” улуттук киностудиясынын 1941-2010-жылдардагы тасмаларынын аннотацияланган каталогу. Бишкек, 2010-ж. — 284 бет. ISBN 978-9967-26-087-0