Мамытбеков Сейитказы
Мамытбеков Сейитказы (15. 1949-ж. туулган, Суусамыр өрөөнү, 8-Март (учурда Кожомкул) кыштагы) - тажрыйбалуу педагог.
- Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин бүтүргөн (1973).
- Эмгек жолун ошол эле жылы 8-Март орто мектебинде математика мугалими болуп баштап, 1976-жылга чейин иштеген.
- Фрунзе шаарындагы республикалык сырттан окуу мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы (1976-81), Суусамыр орто мектебинде мугалим (1981-83), Тунук негизги мектебинде директор (1983-88), Суусамыр орто мектебинде мугалим болуп эмгектенген.
- 1992-93-жылдары Суусамыр районунун статистика башкармалыгынын башчысы, 1993-94-жылдары жаңы уюшулган «Каракол» совхозунун директору болгон.
- 1994-жылдан Суусамыр орто мектебинде мугалимдик кесибин улантып келе жатат.
- Жаныш уруусунан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүСуусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9