Манас Ата сыйлыгы, Эл аралык Манас Ата сыйлыгы — эл аралык мамлекеттик эмес Манас Ата ордосунун сыйлыгы. 1991-жылдын ноябрь айында уюштурулган. Сыйлык эки жылда бир жолу кыргыз адабиятын, маданиятын өнүктүрүүгө, каада-салтын байытууга — элдин рухий деңгээлин жогорулатууга кошкон чоң салымы үчүн Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн адабият, өнөр, маданият, саясат ишмерлерине ыйгарылат. Сыйлык ээсине атайын төш белги жана миң сом өлчөмүндө акча берилет. Сыйлык алгач жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековго ыйгарылган (1992).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4