Манас музейи
«Манас» музейи – Талас өрөөнүндө Манастын күмбөзүнүн жанына курулган адабий этнографиялык музей. Музейдин долбоорун 1983-жылы архитекторлор Э. Нурбеков, М. Сыдыков, Д. Сариев, В. А. Иванов, инженери Астафьев түзүшкөн. Музейди куруу 1992-жылы башталган. «Манас» музейи Манастын кароол дөбөсүнүн этегине курулган эки кабат имараттан турат. Имараттын өлчөмү 22,5х22,75 м, бийиктиги 10,5 мден ашык. Төбөсүнө сегиз канат боз үйдөй өлчөмдөгү «туулга» кумпа (купол) чыгарылып, ал цинк темирден жасалган. 1-кабатынын экспозиция аянты 150 м2, залдары эпос боюнча жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөргө арналып, 4 темага бөлүнгөн. Алар: манасчылар, «Манас» эпосун изилдеген илимпоздор, Манастын күмбөзүн казуу жана изилдөө менен иш жүргүзгөн илимпоздор, «Манас» эпосу көркөм чыгармачылыкта (көркөм сүрөт өнөрүндө, музыкада, театрда ж. б.). 2-кабат толугу менен «Манас» эпосуна арналган.
Залдын ортосундагы дубал «Манас» эпосунун жалпы идеясына арналып, аны Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Ж. Кадралиев жасалгалаган. 2-кабаттын залдарынан эпостун мазмунуна ылайык, кыргыздардын тышкы душмандардын кысымынан ыдырап, туш тарапка чачырашынан, Манастын төрөлүшүнөн башталып, анын балалыгы, эр жетиши, баатырдын элди бириктирген жана аны коргогон эрдик иш аракетинен тартып, анын дүйнөдөн кайтканына чейинки маалыматтарды алууга болот. Экспозиция археологиялык казуу учурунда, республика боюнча жүргүзүлгөн экспедицияларда табылган этнографиялык баалуу материалдар (экспонаттар) менен коштолот. Музейди жасалгалоого сүрөтчүлөрдүн жана дизайнерлердин тобу (Т. Исамадыров, И. Бакиров, Ш. Жекшембаев, Ж. Кадыралиев) катышкан. Музейдин айланасы көрктөндүрүлгөн.
Колдонулган адабият
түзөтүү- “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.