МанасДагстандагы климаттык курортчо.

Каспий деңизинин жээгинде. Махачкала шаарынан 50 км түштүкчыгышта. Курорттун аймагында минерал суулар (йод-бром) бар. Мында “Каспий”, “Чайка” санаторийлери, эс алуу үйлөрү иштейт. Бул курорттун, о. эле Дагстандагы башка жер суу аталыштары (Манаскент, Манасмахи, Манас темир жол станциясы ж. б.) мында илгертеден жашап келаткан ногой калкынын дастанына байланыштуу деп каралат.

Ногой, кыпчак ж. б. уруулар Түндүк Кавказга Алтынордо кулагандан кийин (15-к.) ооп келген. Манас ногой уругунан чыккан дегенди эске алганда Дагстандагы топономикалык “Манасия” да Манастын ысмына байланыштуу экендигин байкоого болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2