Мангака (жап. 漫画家, жөн.) - комикс тарткан адамды атоочу жапон сөзү. Бул сөз Жапониянын сыртында адатта "манга тарткан сүрөтчү" деген мааниде колдонулат. Көп учурда мангака сценарийдин да автору болот, бирок башка киши да сценарист болгон учурлар болбой койбойт. Аларды "генсакуся" деп аташат. (жап.原作者). Мангака өз алдынча каармандардын дизайнын иштеп чыгат (кээде гана мындай болбошу мүмкүн), көбүнчө (сценарийдин автору болбосо да) болочок чыгарманын болжолдуу сюжетин белгилеп чыгат. 2006-жылдагы маалымат боюнча, Жапонияда 3000дин тегерегинде кесипкөй мангака иштейт.

Мангака манганын үстүндө иштөөдө баракка түшчү кадрлардын санын жана жайгашуу тартибин белгилейт, чөйрө сызыктарын жана эң мааниге эгедер деталдарын чийет, бир же бир нече жардамчылары кара жумуштарды кылышат: чөйрө сызыктарды жээктеп бойошот, скринтон түшүрүшөт, арткы планды жана азыраак маанилүү кадрларды тартышат ж.б. Мындай командалык иштөө системин Осама Тедзука түптөп кеткен.

Мангаканын күнүмдүк иши абдан оор - ал манга жарыялаган журналга апта сайын чыгармасынан жаңы бап (20-30 бет) тапшырып турушу керек. Мисалы, "Блич"-тин автору Тайто Кубо буларды айтат: "Эгер мен маанилүү деп эсептеген белгилүү бир сахнага көп убакыт бөлгүм келсе, убакыт тар болгондуктан муну кыла албайм.". Мангака адатта дээрлик бардык убактысын манга үстүндө иштөөгө коротот. Мангака Дайсуке Морияма Anime Boston 2005 фестивалында хоббиси тууралуу суроого жооп берип жатып, ага жөн гана сейилдөө жагарын, анткени манга менен иштөөдөн арткан негизги убакытты ушинтип гана өткөрө аларын айтканы бар. Айрым мангакалар бир эле учурда бирөө жумалык, башкасы айлык журналда чыга турган эки манга тартышат.

Кээ бир мангакалар студия болуп биригишет (мисалы, CLAMP студиясы).

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү