Мандельштам, Леонид Исаакович

Мандельштам, Леонид Исаакович [22. 4(4. 5). 1879, Могилёв —27. 11. 1944, Москва] — советтик физик, радио­физика мектебин түзүүчүлөрдөн, СССР ИАнын академиясы (1929; корр. мүчө, 1928).

1897-ж. Одессадагы Новорос­сия университитине кирген. 1925-жылдан Москва университитинде профессор. 1934-жылдан СССР ИАнын Физика институтунда иште- ген. Мандельштам негизинен оптика, теориялык физика, радиофизика жанa ра­диотехника боюнча илимий иш жүргүзгөн. 1928-ж. Ландсберг менен бирге жарыктын айкалышкан чачыроо кубулушун ачкан.

1938-ж. Папалекси менен биргелешип, аралыкты так аныктоочу ра­диоинтерференция методун иштеп чыккан. В. И. Ленин атындагы сыйлыкты (1931), СССР мамлекеттик сыйлыгын (1942) алган. Ленин ордени жанa Эмгек Кы­зыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.