Маневрлар (аскердик)аскерлердин (флот күчтөрүнүн, авиациянын) кадимки согуш шарттарына эң жакын жагдайда өткөрүлүүчү эки тараптуу чоң машыгуулары: аскерлердин, бирикмелердин командирлери менен штабдарынын тактикалык жана оперативдик жактан даярдыктарын сынап көрүүнүн жогорку формасы.

Маневрларды өткөрүү үчүн анын жетекчиси, жетекчи штабы жанa байланышчылары дайындалат. Маневрлар ага катышкандардын аракеттерин талдоо менен аяктайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.