Мапуту
Мапуту (португалча: Maputu) Африкадагы бир шаар, жана Мозамбиктин борбор шаары.
Мапуту | |
---|---|
шаар | |
Мапуту | |
Мапуту | |
Өлкө | Мозамбик |
Population (2006) | |
• Total | 1 244 227 |
Time zone | GMT |
Калкы 1,1 млн (2006; Матола шаар-спутниги менен). Эл аралык аэропорту бар. Университеттер, колледждер, музейлер (анын ичинде тарых, улуттук) бар. Вокзалы (Эйфел долбоору боюнча курулган) өтө кооз. Ботаникалык бак (Африка континентиндеги өсүмдүктөрдүн уникалдуу түрлөрү өстүрүлөт), зоопарк уюштурулган. Деңиз курорту.
Тарыкы
түзөтүүШаар португалиялыктар түзгөн форттун ордунда 1781-жылы негизделген. 1895-жылдан Португалиянын ээлиги – Мозамбиктин административдик борбору болгон. 1975-жылы Мозамбик көз каранды эместикке ээ болгондон анын борбору.
Географиясы
түзөтүүИнди океанындагы Делагоа бухтасынын жээгинде, Африканын айланма транзит жолунун боюнда жайгашкан.
Экономиясы
түзөтүүМашина куруу, металл иштетүү, химиялык, нефть ажыратуу, тамак-аш, жыгаччылык, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Карапачылык өнүккөн.
Дагы көрүү
түзөтүүКолдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7