Марганец кислотасы жана пеманганаттар

Марганец кислотасы жана пеманганаттар - 7 валенттуу марганецтин кислотасы НМп04 жана анын туздары; органикалык эмес кучтуу кис­лота.

Суу эритмеде гана белгилуу. Аниону Мп04_ кызгылт көк. Марганец кислотасы жана пеманганаттар— кучтуу кычкылданткычтар. Перманганаттын кристаллдары каралжын жашыл сымал түстө, эритмеси Мп04~ ионунун түсүн берет.

Натрий жана 2 валенттуу металлдардын перманганаты сууда жакшы эрийт. Перманганаттар ысытууга туруксуз, мис., КМп04 200°Сден жогору ажырай баштайт: 2КМп04= =К2Мп04 + Мп02 + 02. Алар — химиялык практикада кычкылданткыч, медици­нада дезинфекциялоочу зат катары ж. б. колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.