Маримба - Африкада кеңири тараган идиофондор түркүмүндөгү музыкалык аспап.

4-20 чейинки туура тартылып, жыгачка тагылган эки таякчадан турат. Ар бир таякчанын түбүндө ашкабактын кургатылган кабыгынан жасалган идиш орнотулат, Ал идиштер Маримбанын добуш берүүчү таякчаларынын добушун күчөтөт жана кооздойт. Добуш алуу үчүн башына каучук уютулган эки түз таяк колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.