МарицаБолгариянын түштүгүндөгү дарыя, төмөнкү агымында Греция менен Түркиянын чек арасы боюнча агат. Узундугу 525 км, алабынын аянты 53 миң км2. Рила тоосунан башталып, Төмөнкү Фракия ойдуңу боюнча агып, Эгей деңизине куярда саздуу дельтаны пайда кылат. Негизги куймасы – Тунжа. Суусунун орточо чыгымы 200 м3/секдай. Негизинен сугатка пайдаланылат. ГЭС бар. Боюнан Пловдив, Димитровград (Болгария), Эдирне шаары (Түркия) орун алган.

Марица.
Марица (Болгария).

Колдонулган адабияттар түзөтүү