Буларкиева Мариям — акын.

Мариям Буларкиева 1937-жылы 1-майда Талас районундагы Козучак айылында туулган.
1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1963–1965-жж. Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.
Эмгек жолун 1959-жылы Кыргызокуупедмамбаста редактор болуп иштөөдөн баштап,
1966-жылы «Жаш ленинчи» журналынын катчысы,
1980-жылдан башкы редактору,
1987-жылдан Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустары боюнча Кыргызстан Жазуучулар союзунда адабий кеңешчиси болуп иштеген.
1953-жылдан анын ырлары басма сөздөрдө басыла баштайт. 1958-жылы «Тамчы» деген ат менен алгачкы китеби жарык көргөн. Акындын чыгармалары орус, украин, тажик, өзбек, казак тилдерине которулган. М.Буларкиеванын көптөгөн ырларына обон чыгарылган.
1958-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин, ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган. Эл агартуунун отличниги, Кыргыз Республикасынын мадания-тына эмгек сиңирген ишмер. Жазуучу аялдар ассоциациясынын жетекчиси.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Тамчы: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 118 б.
  • Памир гүлдөрү: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 104 б.
  • Мээрим: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 26 б.
  • Эненин сүйүүсү: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1964. –85 б.
  • Невадагы шаар: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп 1969. – 103 б.
  • Алыкул: Ыр менен жазылган повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 164 б.
  • Өмүр жазы: Ырлар, поэмалар, легендалар. – Ф.: Мектеп, 1973. – 71 б.
  • Учкун: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 127 б.
  • Бейкут күндөр: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1977. – 130 б.
  • Кер өзөн: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 47 б.
  • Жаркын жаз. Ырлар – Ф.: Мектеп, 1985. – 92 б.
  • Салкын төр: поэмалар жана ырлар. – Ф.: Адабият, 1989. – 168 б.
  • Баатыр жөнүндө баян.– Ф.: Кыргызстан, 1986. – 68 б.

Орус тилинде түзөтүү

  • Верность: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 60 с.
  • На солнечных склонах: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 60 с.
  • Арча: Стихи. – М.: Сов писатель, 1980. – 96 с.
  • Снежные горы: Стихи.– Ф.: Мектеп, 1982.

Колдонулган адабияттар түзөтүү