Марр Николай Яковлевич (1865-1934) - лингвист, СССР ИАнын академиги (1912).

Петербург университетин бүткөн (1890). Армян-грузин филологиясын изилдөө жагынан чоң салым кошкон. Кавказ тилдеринин (картвел, абхаз ж. б.) тарыхын, археологиясын, этнографиясын да ийгиликтүү изилдеген. Бирок картвел тилдеринин салыштырма грамматикасын изилдөөдө айрым жаңылыштыктар кетирген. «Салттуу» же «инди-европалык» тил илими эскирип, марксизмге коошпой калды деп жарыялап, «яфет теориясы», «тил жөнүндөгү жаңы окуу» деген лингвистикалык жаңы теориялар чыгарган.

Маррдын бул теориялары да тил фактыларын объективдүү изилдөөгө ылайык келген эмес. Ошондой болсо да, Марр тил илими үчүн тил жана коом. тил жана ойлоо сыяктуу маселелерди иштеп чыгуу келечектүү иш экенин туура белгилеген. Марр чыгыш изилдөөчүлөрдүн бир нече муунун даярдаган, СССР элдеринин тилин изилдөөдө, жазмасыздарына жазма түзүүдө зор эмгек сиңирген.

Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9