Масанчи Магазы (1885, Пишпек уезди, Каракоңуз айылы, азыркы Чүй району, Масанчи айылы – 1938) – Орто Азия жана Казакстанда Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкан. 1910–17-жылдары падыша аскеринде кызмат өтөгөн. Граждандык согуш мезгилинде Кызыл Армиянын улуттук бөлүктөрүн түзүүгө (1919–20), Ташкенде, Кара-Колдо, Верныйда совет бийлигине каршы козголоңдорду басууга катышкан. Масанчи 1919-жылдан дуңган атчан полкун жетектеген, Жетисууда алгачкы дуңган мектебин ачууга чоң салым кошкон. 1921-жылы Коминтерндин 3-курултайында В.И.Ленин менен жолугушкан. «Кошчу» союзунун обкомуна мүчө. 1932-жылдан Өзбекстанда юстиция эл комиссарынын орун басары болгон. Репрессияланып атылган.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү