Матильда эффектиси – бул аялдардын илимге кошкон салымын системалуу түрдө четке кагуу, алардын эмгегин басаңдатуу жана аялдардын эмгегин эркек кесиптештерине ыйгаруу. Бул эффект биринчи жолу суфражист жана аболиционист Матильда Джослин Гейдж[en] (1826-1898) "Аял ойлоп табуучу катары" аттуу очеркинде сүрөттөлгөн. "Матильда эффектиси" терминин 1993-жылы илим тарыхчысы Маргарет В. Росситер[en] тарабынан киргизилген[1].

1903-ж. Нобель комитети Физикадагы Нобель сыйлыгы менен Пьер Кюри менен Анри Беккерелди гана сыйлоону пландаган. Муну билген комитеттин мүчөсү, швед математиги Магнус Госта Миттаг-Леффлер Пьерге кырдаалды билдиргенден соң, Пьер комитетке арыз менен кайрылып Маринин ысымы дагы номинацияга кошулган.

Роситтер бул эффекттин бир нече мисалдарын келтирет. Тротула Салерно[en], 12-кылымдагы италиялык дарыгер аял. Ал жазган китептер анын өлүмүнөн кийин эркек жазуучуларга таандык деп калган. Он тогузунчу жана жыйырманчы кылымдардагы Матильда эффектисин көрсөткөн мисалдар катары Нетти Стивенс[ru] [2], Мария Склодовская-Кюри, Лиза Мейтнер[en], Мариетт Блау[en], Розалинд Франклин[en] жана Жоселин Белл Бернеллди[en] көрсөтсөк болот.

Матильда эффектиси менен катар Матай эффектиси да бар. Бул эффектке карата элге таанылган илимпоз менен ага салыштырмалуу белгисиз илимпоз бирге иштеп бир илимий эмгектин соавторлору болсо, же бөлөк иштеп, бирок алардын эмгектери окшош болсо, белгилүү илимпоз кесиптешине караганда көбүрөөк таанылат.

Жынысты аялдан эркекке алмаштырган Стэнфорд университетинин Медицина мектебинин нейробиологу, профессор Бен Баррес учурдагы жынысына жараша анын илимий жетишкендиктеринин башкача кабыл алынышы тууралуу айтып берди.[3]

Изилдөөлөр түзөтүү

1991-2005-жылдардагы миңден ашык илимий басылмалардын анализи аркылуу, эркек окумуштуулардын аялдарга караганда эркек авторлордун басылмаларына көбүрөөк шилтеме жасаары аныкталан.[4] 2012-жылы Наймеген университетинин эки аял изилдөөчүсү Нидерланддарда профессорлукка талапкерлердин жынысы алардын баасына таасир этээрин көрсөттү.[5] Окшош окуялар америкалык жана испан изилдөөлөр тарабынан тастыкталган италиялык изилдөөдө[6] дагы сүрөттөлгөн.[7][8]

Швейцариялык изилдөөчүлөр массалык маалымат каражаттары шоу жана интервьюларга аял кесиптештерине караганда эркек окумуштууларды көбүрөөк катышууну чакыраарын аныкташкан.[9]

Америкалык эркек окумуштуулар дагы деле окшош жетишкендиктер үчүн, аял окумуштууларга караганда көбүрөөк таанылууга жана сыйлыктарга ээ болууда. Азыр бул айырма азайып баратат, 2000-жылдарга караганда 1990-жылдары көбүрөөк байкалган.[10]

Көптөгөн аялдар Матильда эффектине дуушар болушканы үчүн, татыктуу таанууну ала алышпайт дегенди билдирбейт. Мисалы, Мария Гопперт-Майер непотизмге каршы мыйзамдын айынан бир нече жыл иштебесе да, 1963-жылы Нобель сыйлыгын алганга жетишкен.[11]

Мисалдар түзөтүү

 
Альберт Эйнштейн жана Милева Марич.Маричтин Эйнштейндин теориясына салым кошкону, бирок Эйнштейн аны авторлукка жазбаганы айтылууда. Эйнштейн жубайына "биздин" теория жана "биздин" эмгек деп жазган каттар сакталып калган. Ошондой эле Маричтин бир тууганы Милева менен Альберттин физиканы чогуу талкуулап жатканы тууралуу күбө болгонун айткан, ал эми жубайлардын уулу Ханс Альберт да ата-энесинин "кечинде чогуу иштешкенин көргөнүн" билдирген.

Матильда эффектинен жабыркаган аялдардын мисалдары:

  • Тротула Салерно[en](XII кылым) - италиялык аял дарыгер, ал өлгөндөн кийин анын эмгектери эркек авторлорго таандык деп жазылып калды. Мугалим жана дарыгер аялдарга болгон кастык анын жашаганын дагы төгүндөөгө алып келген. Адегенде анын эмгеги күйөөсү менен уулуна таандык деп жазылган, кийин болсо маалыматты жазып жатканда кечил анын атын эркектики менен чаташтырган. Ошондуктан, Тротула тууралуу "Илимий биография сөздүгүндө" айтылбайт[12].
  • Мэри Уиттон Калкинс (1863-1930) - Гарвард университетинде окуп жүргөндө биринчи жолу психологияда жуп бирикмелер ыкмасын сунуштаган. кийинчерээк Георг Элиас Мюллер жана Эдвард Б. Титченер Калкинске эч шилтеме жасабастан бул ыкманы колдонушту.
  • Герти Кори[en] (1896–1957), Нобель сыйлыгынын лауреаты биолог. Квалификациясы бир болсо дагы, күйөөсү профессор болгону үчүн көп жылдар бою анын жардамчысы болуп иштеген.
  • Розалинд Франклин[en] (1920-1958) - азыркы күндө анын 1953-жылы ДНКнын түзүлүшүн ачууга кошкон салымы эң маанилүү деп таанылат. Фрэнсис Крик менен Жеймс Уотсон 1962-жылы Нобель сыйлыгын алган ачылышында, анын эмгеги жетишээрлик бааланган эмес (бирок Уотсон 1968-жылы чыккан "Кош спираль" китебинде анын салымынын маанилүүлүгүн сүрөттөгөн).
  • Марта Готье (1925-ж. т.) эми Даун синдромун пайда кылган хромосомалык аномалияны ачууга кошкон олуттуу салымы үчүн таанылды, бул ачылыш буга чейин Жером Леженге гана таандык деп билинген.
     
    Бул жерде молекулярдык структураларды изилдөөнүн пионери Розалинд Франклин жашаган.
  • Берклидеги Калифорния университетинде иштеген Мариан Даймонд (1926-жылы туулган) мурунку неврологиялык догмага карама-каршы келген нейропластика кубулушун эксперименталдык түрдө ачкан. Анын 1964-жылдагы оригиналдуу макаласы[13] жарыкка чыгайын деп калганда, ал экинчи даражатагы соавторлорунун, Дэвид Крех менен Марк Розенцвейгдин ысымдары анын ысмынын алдында (ал да кашаанын ичинде) коюлганын байкаган. Ал негизги ишти аткарганын айтып каршы чыкты, андан кийин анын аты биринчи орунга жазылды (кашасыз). Окуя 2016-жылы "Мээ менен болгон сүйүүм: Доктор Мариан Даймонддун жашоосу жана илими" даректүү тасмасында сүрөттөлөт.
  • Гарриет Цукерман (1937) - күйөөсү Р.К. Мертондун атактуу Матай концепциясы үчүн негизги маалыматтарды чогултуп берген. Концепциянын1968-жылдагы алгачкы басылмасында Цукермандын ролу биргелешип автордук эмес, бир катар эскертүүлөр катары гана көрсөтүлгөн. Макаланын кийинки версияларында Мертон муну ката катары мойнуна алган.
  • ENIAC[en] программисттери (1946) - бир нече аял долбоорго олуттуу салым кошушкан, анын ичинде Адель Голдштейн, Кей МакНалити, Бетти Дженнингс, Бетти Снайдер, Мэрилин Мелтцер, Фрэн Билас жана Рут Тейтелбаум, бирок ENIAC тарыхы бул салымдарды камтыбайт жана программалык камсыздоонун өнүгүшүнө караганда аппараттык жетишкендиктерге көбүрөөк басым жасайт. Көбүрөөк маалыматты Дженнифер С. Лайттын "When Computers Were Women" жана 2014-жылы ENIAC программисттеринин долбоору боюнча даректүү тасмасында тапса болот.
  • Бен Баррес – эркек трансгендер, нейробиолог. Ал эркек катары өзүнүн иши менен бөлүшкөндө, анын иши «карындашынын» иши менен салыштырган эскерүүлөрдү алган, жана анын «карындашынын» иши анчалык ийгиликтүү болбогонун уккан. Бирок, бул карнындашы ал трансгендердик өтүү жасай электеги өзү болгон.[14] .

Булактар түзөтүү

  1. The Matthew/Matilda Effect in Science, 1993 
  2. Resnick Brian. Nettie Stevens discovered XY sex chromosomes. She didn't get credit because she had two X’s. (7 -июль (теке) 2016).
  3. Shankar Vedantam, (13 July 2006). Male Scientist Writes of Life as Female Scientist: Biologist Who Underwent Sex Change Describes Biases Against Women. Washington Post
  4. Silvia Knobloch-Westerwick & Carroll J. Glynn (2013), The Matilda Effect—Role Congruity Effects on Scholarly Communication A Citation Analysis of Communication Research and Journal of Communication ArticlesCommunication Research (Sage Publ.) . — Т. 40 (1): 3–26, doi:10.1177/0093650211418339
  5. Marieke van den Brink & Yvonne Benschop, Gender practices in the construction of academic excellence: Sheep with five legs, Organization Т. 19 (4): 507–524, doi:10.1177/1350508411414293
  6. Andrea Cerroni & Zenia Simonella, Ethos and symbolic violence among women of science: An empirical study, Social Science Information Т. 51 (2): 165–182, doi:10.1177/0539018412437102
  7. Peter Hegarty & Zoe Walton, The Consequences of Predicting Scientific Impact in Psychology Using Journal Impact FactorsPerspectives on Psychological Science Т. 7 (1): 72–78, doi:10.1177/1745691611429356
  8. María Luisa Jiménez-Rodrigo1; Emilia Martínez-Morante; María del Mar García-Calvente & Carlos Álvarez-Dardet (2008), Through gender parity in scientific publicationsJournal of Epidemiology & Community Health, doi:10.1136/jech.2008.074294
  9. Fabienne Crettaz von Roten (2011), Gender Differences in Scientists’ Public Outreach and Engagement ActivitiesScience Communication Т. 33 (1): 52–75, doi:10.1177/1075547010378658
  10. Anne E. Lincoln; Stephanie Pincus; Janet Bandows Koster & Phoebe S. Leboy (2012), The Matilda Effect in science: Awards and prizes in the US, 1990s and 2000sSocial Studies of Science Т. 42 (2): 307–320, doi:10.1177/0306312711435830
  11. Anti-Nepotism.
  12. Rossiter Margaret W. [www.jstor.org/stable/285482. “The Matthew Matilda Effect in Science.”] // Social Studies of Science.. — 1993. — № Vol. 23, No. 2. — С. 325–341..
  13. Diamond MC, Krech D, Rosenzweig MR,«The Effects of an Enriched Environment on the Histology of the Rat Cerebral Cortex», «J Comp Neurol 1964;123:111-120», retrieved 9 February 2017
  14. Matilda Effect.