Махмуд хан (1463/64–1508) – 1487–1508-жылы Мавераннахрды бийлеген могол ханы. Чагатай тукумунан; Юнус хандын тун уулу. Атасындай маданияттуу болгон. Ыр жазган. Шаардык турмушту жактырып, аскер ишине жөндөмсүз болгон. Махмуд хан Мавераннахрды көпкө бийлеген эмес, Шейбани хандын кысымы менен хандыктан түшкөн. Өз ээликтерин кайтарып алуу аракеттери ишке ашпай, туткунга түшүп, кийин бошотулган. Ал Моголстандын чыгыш бөлүгүн уруулаштарына берип, өзү Жетикентке жайланышкан. 1508-жылы Махмуд хан душмандарынын курчоосунда калып, Мавераннахрга кайтууга аргасыз болгон, ал жерден Шейбани хандын буйругу менен өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү