Моголдормоңгол жана түрк тектүү көчмөн уруулардан куралган, ислам динин туткан, түрктилинде сүйлөгөн жана Моголстан мамлекетинде (1347–1570) үстөмдүк кылган эл болгон. Кыргыз, уйгур жана казак элдеринин калыптанышына чоң салым кошкон.

Чыңгыз-хандын империясы түзүлгөндөн тартып моңголдордун башкаруучу жана аскердик төбөлдөрү бири-бирине каршы эки топко бөлү-нүшкөн. Моңголдордун тиричилигин, каада-салтын жана көчмөн турмушун жактагандар Чагатай улусунун түндүк-чыгышында, негизинен Жети-Сууда орун алышкан. Жергиликтүү түрк жана фарс тилдеринде сүйлөгөн калк, моңголдорду «моғол/муғул/моңол» деп аташчу. Адегенде бул этноним моңгол урууларына гана тиешелүү болгон. Кийинчирээк жергиликтүү түрк жана түрктөшүп кеткен моңгол урууларынын жалпы аты болуп калган

Борбордошкон мамлекеттик курууну, айыл чарбасын, сооданы жана шаар маданиятын өнүктүрүүнү жактагандар Мавераннахрда (азыркы Өзбекстан) жайгашып, чагатайлар деген атты сактап калышкан. Эки тарап келишпегендиктен, бири-бирин кемсинтип, чагатайлар моголдорду жете («каракчы»), моголдор чагатайларды – караунас («аргын») деп атаган.

Моголстан өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыккан мезгилде Чагатай улусунун калкы түрктөшүп кеткен. Мурда «могол» термини түрктөшкөн моголдорго карата гана айтылып келсе, эми тек-жайына карабастан Моголстандагы уруулардын бардыгы өзүлөрүн могол деп атай башташкан. Могол этноними Моголстандын бардык калкынын жалпы атына айланган. «Кыргыздар могол урууларынан болсо да хандарга баш ийбегендиктен, моголдордон бөлүнүп кетти. Ушунун айынан моголдор эми жаралгандын эң азыраагы жана эң алыскысы болуп калды», – деп жазат Мухаммед Хайдар. Натыйжада, 15–16-кылымда моголдор этностук жалпылыкка караганда саясий жалпылыкты көбүрөөк туюндурган. Моголстан мамлекетинин саясий жактан начарлашы менен могол уруулары башка элдерге (кыргыздарга, казактарга, уйгурларга) сиңе башташкан.

16-кылымдын 2-жарымында моголдордун чоң бөлүгү моңолдор деген ат менен кыргыздардын оң канатынын курамына кирген. Кыргыздар Моголстандагы элдерди, урууларды (баарын, бостон, каңды, коңурат, кушчу, кыпчак, найман, нойгут, черик, чоро ж.б.) өзүнө сиңирип алуунун эсебинен өскөн жана саясий түзүлүшүн бекемдеген.

Манас эпосунда түзөтүү

Моголдор — Мажму ат-таварихте Манастын тарабында калмактарга каршы согуштарда активдүү катышат. Кол жазмадагы Анка-төрөнүн санжырасындагы ысымдар моңолдордун түпкү аталары жана уруктардын аталыштары менен дал келет.

Адабият түзөтүү

  1. Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
  2. Манас энциклопедиясы. Бишкек, 1995.