Мачта - анкер бекиткичи менен бекитилген болот аркандар аркылуу капталдарына керип тартылып, фунда­менте тик орнотулган жыгач, ме­талл ж. б. түркүктөн турган курулма.

Түркүк менен анкер бекиткичтин фундаменти уютма бетондон, темир-бетондон ж. б. тургузулат. Машак көбүнчө радио, радиореле жанa телекөрсөтүү антенналарынын түркүгү катары кол­донулат. Ал түркүк өйдө-ылдый жылып турма крандын жардамы менен кураштырылат. Бийиктиги 1200 смге жеткен жеңил Машак адегенде жерде бүтүндөй кураштырылып, анан кран менен орнотулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.