Маш, жалтырак маш буурчак (Phaseolus aureus) – чанактуулар тукумундагы бир жылдык чөп өсүмдүк. Үч түрчөсү бар: индия машы (ssp. indicus), кытай машы (ssp. chinensis) жана иран машы (ssp. iranicus). КМШ өлкөлөрүндө кытай жана иран маш өстүрүлөт. Маштын сабагы (бийиктиги 15–80 см) тик же төшөлүп өсөт. Өзөк тамырлуу, жалбырагы жазы, кезектешип жайгашат. Гүлү сары, чанагы ичке (уз. 8–15 см), көп дандуу (7–10 дан), бышканда күрөң же боз түстө болот. 1000 данынын салмагы 25–80 г. Данында 24–28% белок, 46–50% крахмал, 2–4% май, витаминдер ж. б. болот. Даны тамак-ашка, көк бакалы тоютка пайдаланылат. Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Казакстанда эгилет. Гектарынан 10–16 цден түшүм, 80–200 ц көк бакал алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү