Машина-мелиорация станциясы (MMG)

Машина-мелиорация станциясы (MMG) - колхоз ж. б. уюмдар менен келишим боюнча мелиорациялык иш жүргүзүүчү мамлекеттик ишкана; мелиорация-курулуш уюмдарынын бир түрү. Өзүнчө мекеме катары анын негизги жанa айланма каражаттары болот, алар ус­тав фондусун түзөт.

Алгачкы ММС 1949-ж. РСФСРдин Курский, Воро­неж, Тамбов, Орёл ж. б. облстарында,1950-ж. Балтика боюндагы республикалар менен Белоруссияда колхоздун сугат ишине көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган. 1960-жылдан ММС курулуш-монтаж башкармасына жанa механикалаштырылган көчмө колонналарга айланууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.