Медициналык-педагогикалык комиссиялар

Медициналык-педагогикалык комиссиялар – Атайын билим берүүчү мекемелерге окуу үчүн балдарга жолдомо берүү суроолорун чечүүдөгү комплекстүү, ар тараптуу текшерүүлөрдү жүргүзүүчү мекемелер. Республикалык жана аймактык болуп билим берүү башкармалыктарынын алдында түзүлөт. Саламаттыкты сактоо жана билим берүү министрликтери тарабынан бекитилет. Балдарды ата-энелердин же алардын ордун алмаштыруучулардын көз алдында текшерүүдөн өткөрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004