Менин Хатиком
Менин Хатиком (кыт. 忠犬八公, англ. HACHIKO) — Режиссёр Сюй Ан тарткан кытай драмасы.
Менин Хатиком
| |
кыт. 忠犬八公 | |
Жанры |
драмалык тасма |
---|---|
Режиссёру |
Сюй Ан |
Продюсери |
Е Жуфэн, Ху Чжэндун, Цзяо Оуян, Немо Синь, Сюй Хань Мо, Я Нин |
Сценарийдин автору |
Чжан Ханьсы |
Башкы ролдордо |
Фэн Сяоган |
Оператору |
Хэ Шань |
Композитору |
Чжун Цзунхао |
Кинокомпания |
QIYI |
Узактыгы |
124 мүнөт |
Өлкө | |
Тили | |
Жылы | |
IMDb |
Тасма Синдо Канэтонун «Хатико окуясы» боюнча оригиналдуу сценарийинен ылайыкташтырылган. Негизги ролдорду Фэн Сяоган, Жоан Чэнь, Бай Цзюган жана Эпонин Хуан ойношкон . Тасмада мугалим Чэн Цзинсюнун жана анын ишенимдүү Ба Тон аттуу итинин достугун баяндайт.
Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2023-жылы 31-мартта[1]. Ал эми Орусияда тасма 2023-жылы 31-августа, Кыргызстанда 2023-жылы 2-сентябрда болгон.
Мазмуну
түзөтүүКытайдын түштүк-батышындагы тоолуу Чунцин шаарында улгайган доцент Чэнь Цзинсю жолдон жүздөгөн, кир күчүктү таап алат да үйүнө алып барат. Башында анын аялы Цзячжэнь итке каршы болот, бирок күйөөсүнүн өжөрлүгүнөн улам үй жаныбарын кармоого макулдугун берет. Цзинсю иттин атын мажонг (кытайча:八銅ba tóng - сегиз жез) деген үстөл оюнунда күчүк жашырган плиткалардын маанисинен таасирленип «Ба Тон» деп ыйгарууну чечет. Чэнь үй-бүлөлүк жашоосунда өзүн жалгыз сезет: жубайы дагы эле доцент болуп иштегенине нааразы, уулу өзүн программист катары кыялын, Пекинге барып ишке ашырууга аракет кылат, кызы турмушка чыгып кетет. Ба Тондун колдоосу ага балдарынын чоңоюшуна жана жубайы менен мамилесин жакшыртууга жардам берет. Убакыттын өтүшү менен мугалим жумушка кетип жатканда, Ба Тон Цзинсю менен асма жол станциясына чейин узата баштайт. Ошентип сапарларынын биринде Цзинсю күтүлбөгөн жерден каза болуп, ушуга байланыштуу аялы уулуна Пекинге көчүп кетип, Ба Тонду кызы менен таштап кетүүнү чечет. Бирок ишенимдүү ит ээсин станцияда күтүүнү улантып, көчөгө качып кетет. Он жыл өтүп, жесир аялы менен уулу Чунцинге келип, станциядан карыган Ба Тонду көрүшөт. Ит мурунку кожоюндарын, алардын эски талкаланган үйүнө жеткирип барып өлөт. Кийинки көрүнүштө биз үйдүн экинчи кабатына көтөрүлүп, терезе аркылуу кожоюну Цзинсю күтүп турган аянтчага чыгып бара жаткан Ба Тонду көрөбүз. Алар чогуу кабинага кирип, асма жол менен узап кетишет[2].
Каармандарда
түзөтүү- Фэн Сяоган — Чэнь Цзинсю, Чунцин университетинин геология бөлүмүнүн доценти, түбү Пекин ден болот.
- Жоан Чэнь — Ли Цзячжэнь, Чэнь Цзинсюнун жубайы, махжогойногонду жакшы көрөт.
- Бай Цзюган — Чэнь Синьцяо, Чэнь Цзинсюнун уулу, программист
- Эпонин Хуан —Чэнь Сяочжоу, Чэнь Цзинсюнун кызы
- Ян Бо —А Мин, Чэнь Сяочжоунун жигити, кийинчерээк анын күйөөсү болот.
- Цянь Бо — Асма жол станциясынын кире беришиндеги дүкөндүн ээси Ма мырза
- Сюэ Сюйчунь — Ли, дарбазачы
Кызыктуу фактылар
түзөтүү- Оригиналдуу окуяда Хатико акита ину тукумундагы ит болгон, ал эми кытай версиясы боюнча Ба Тон кытайлык малчы ит болот [3] .
- Тасманын сценарийин жазган Чжан Ханьси Чунцин шаарынан[4] .
- Yangtze River Cable Car - Чунцин дарыясы аркылуу өтүүчү экинчи асма жол 1987-жылы ачылган.
- Тартуучу топ Ба Тондун ролун ойноо үчүн ар кандай курактагы 18 итти колдонушкан[5].
- Тасманын аягында титирде «Менин атым» ( кыт. 我的名字) аталыштагы ыр Цзяо Майцинин (кыт. 焦邁奇) аткаруу суда жаңырат[6].
- Орусча котормосунда мугалим Чэнь Цзинсюнун үнүн "[Хачи: Ит жөнүндө баян|Хатико: Эң ишенимдүү дос]]" тасмасындагы профессор Паркер Уилсондун үнүн коштогон Александр Рахленко болгон.
Сыйлыктары
түзөтүү- 2023 — Weibo Movie Night 2023 алкагында «Жылдын эң көп талкууланган тасмасы» категориясын жеңип алган[7]
- 2023 — 8-Кытай-Канада Эл аралык кинофестивалында «Мыкты тасма» наамын алып жеңике жеткен [8]
- 2023 — Golden Screenwriters Night аземинде «Эң мыкты адаптацияланган сценарий» үчүн сыйлык алган[9]
- 2023 - iQIYI TV and Movie Awards сыйлыктарында «Жылдын мыкты жаш режиссеру» наамына алган[10]
- 2023 - Шанхай эл аралык кинофестивалында «Мыкты тасма», «Мыкты жаш актриса » (Эпони Хуан) жана «Мыкты музык» боюнча наамдарды алган[11]
Булактар
түзөтүү- ↑ 忠犬八公.
- ↑ Мой Хатико. Кинопоиск. Текшерилген күнү 21 -декабрь (бештин айы) 2024.
- ↑ 冯小刚陈冲中国版《忠犬八公》开机 定档12月31日陪你跨年 (кыт.).
- ↑ 冯小刚主演中国版《忠犬八公》-新华网.
- ↑ 新上畫電影《忠犬八公》 由曾被棄唐狗做主角 | 藝苑 - 香港中通社.
- ↑ 忠犬八公.
- ↑ Weibo Awards Ceremony (2023).
- ↑ Canada China International Film Festival (CCIFF) (2023).
- ↑ Golden Screenwriters' Night (2023).
- ↑ Iqiyi TV and Movie Awards (2023).
- ↑ Shanghai International Film Festival (2023).