"Мен - башталыш" (англ. I Origins, орус. Я — начало) - 2014-жылы Майк Кэхилл режиссёрлук кылган жана сценарийин жазган америкалык илимий-фантастикалуу тасма. Тасма алгачкы жолу 2014-жылы, 18-январда "Sundance" кинофестивалында көрсөтүлгөн. Ошондой эле Fox Searchlight Pictures тасманы жайылтып, 2014-жылы, 8-июлда чектелүү санда чыгарган. Тасма 2014-жылы, 11-октябрда "Каталония эл аралык кинофестивалында" "Толук метраждуу мыкты тасма" наамын жеңип алган.

Уландысы

"Мен - башталыш" тасмасы "Мен" тасмасынын баштапкы чыгарылышы жана анын сценарийин Кэхилл 2011-жылы "Fox Searchlight Pictures" студиясына саткан. Кэхил "Мен" тасмасындагы окуяларды "Мен - башталыш" тасмасынан жыйырма жылдан кийинки учурду көрсөткүсү келген. Доктур Ян Грейдин ачылышынын токтотулганы анык болгондугу, тасмада тамашага алынган.

Басма сөз жыйыны учурунда Кэхилл "Мен - башталыш" тасмасынын алдыдагы максаттары менен бөлүшүп, "Тасманын уландысы бар. Анын сценарийи азырынча жазыла элек. Биз тартуу иштерин баштай элекбиз , бирок "Fox Searchlight" менен макулдаштык" деп билдирген.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү