Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда чакан таштар, бута колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар бутаны тургузушкандан кийин, андан 15—20 м. аралыкта чакан таштарын алышып бир катар болушуп турушкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден чакан таштарды бутага ыргытышып тийгизүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп жолу бутага чакан таштарын ыргытып тийгизген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Оюнчулар бир бирине жакын турууга, бутанын жанында болууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, кол менен кыймылдарды так аткарууга, көздөөгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү