Меринос кою
Меринос кою – текши, ичке, уяң жүндүү кой породасы. Мекени – Алдынкы Азия. Кийин Жер Ортолук деңиз жээгиндеги өлкөлөрдө (Греция, Италия, Испания) чыгарылып, 18-кылымда Батыш Европа, Түндүк Америка жана Австралияга тараган. Россияга 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында башка өлкөлөрдөн алынып келинген. Меринос кою 3 топко бөлүнөт: 1) жүн багытындагы меринос кою; 2) жүн-эт багытындагы меринос кою; 3) эт-жүн багытындагы меринос кою. Жүн багытындагы меринос коюна грозный кою, ставрополь кою, советтик меринос кою, азербайжан тоо меринос кою кирет: жүн-эт багытындагы меринос коюна аскания кою, кавказ кою, алтай кою, кыргыз уяң жүндүү кою, забайкалье кою, түштүк казак мериносу, түштүк урал кою кирет; эт-жүн багытындагы меринос коюна прекос кою, казак уяң жүндүү кою, казак аркар мериносу, дагстан тоо кою, волгоград кою ж. б. кирет. Меринос коюнун жүнүнүн узундугу 6–8 см. Кочкорунан 8–12, соолугунан 4–6 кг жүн кыркылат. Меринос кою чала уяң кылчык жүндүү койлордун жүнүн жакшыртуу максатында аргындаштырылат. Меринос кою – Түндүк Кавказ, Волга бою, Урал, Батыш жана Чыгыш Сибирь, Казакстан, Кыргызстан, Украинанын түштүк аймактарында асыралат. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 100–130, соолугунуку – 60–70 кг. Ар жүз тубар койдон 120–130 козу алынат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- А. А. Алдашев. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү. - Бишкек, 1998. ISBN 9967-11-027-9
- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7