Месета, Кастилия бөксө тоосу Пиреней жарым аралынын борбордук бөлүгүндө, Испания менен Португалиянын аймагында. Платолордон, кырка тоолордон, жапыз тоо массивдеринен жана тоо аралык ойдуңдардан турат. Негизинен герцин бүктөлүшүндө пайда болгон. Бүктөлүү фундаменти Месетанын батыш бөлүгүндө жер бетине чыгып, чыгышында мезозой, кайнозойдун деңиздик жана континенттик тектеринин астында калат. Жеринин бети жалпысынан чыгыштан батышты карай эңкейиш. Басымдуу бийиктиги 600–1200 м; Борбордук Кордильера кырка тоосу (бийиктиги 2592 мге чейин, Альмансор чокусу, Месетанын эң бийик жери) аркылуу Эски Кастилия (800-1200 м) жана Жаңы Кастилия (600–800 м) бөксө тоолоруна бөлүнөт. Түштүгүндө, Сьерра-Морена тоолорунда коргошун, жез, сымап, кобальт, темир, түндүк-батышында, Галисияда темир, алтын, вольфам, калай кендери бар. Климаты негизинен субтропиктик, жер ортолук деңиздик, кургакчыл, түндүгүндө, Галисияда мелүүн, деңиздик. Июлдун орточо температурасы 20–28°С, январдыкы 5°С чамасында. Жаан-чачыны 400–500 мм, тоолордо жана түндүк-батышында 1000–1500 ммге чейин. Кышы нымдуу, жайы (Галисиядан башкасы) кургакчыл.

Месета.

Башкы дарыялары: Дуэро, Тахо, Гвадиана. Батышында маквис, чыгышында жана түштүгүндө томиллар жана гарига тибиндеги бадалдар, тоолордо жазы жана ийне жалбырактуу сейрек токой өсөт. Дан эгиндери эгилет. Багбанчылык, жүзүмчүлүк өнүккөн. Жайыт катары пайдаланылат. Ири шаары – Мадрид.

Колдонулган адабияттар түзөтүү